Загрузка документа…
ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ
АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮКЕНЕШИ
Т О К Т О М
19.03.2026-ж. №__13______
“Хан-Теңири-тазалык” муниципалдык ишканасынын штаттык санын жана айлыгын бекитүү жөнүндө
“Хан-Теӊири-тазалык” муниципалдык ишканасынын өндүрүштүк планын карап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык талкуулап, жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
1. “Хан-Теӊири-тазалык” муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиги жана айлык маянасынын көлөмү 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. “Хан-Теӊири-тазалык” муниципалдык ишканасынын бекитилген штаттык бирдиги боюнча иш алып баруу “Хан-Теӊири-тазалык” муниципалдык ишканага милдеттендирилсин.
3. Токтом ММКга жарыялансын жана басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жергиликтүү кенештин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Т.Узаков