Загрузка документа…
ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ
АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
Т О К Т О М
2026-жылдын _19.03.______ №_15____
Хан-Теңири айыл аймагына караштуу №987, 988-контурлардагы
айыл чарба багытындагы 0,61 га жайыт жер тилкесин,
№573-контурдагы айыл чарба багытындагы 0,80 га жайыт
жер тилкесин которууга (трансформациялоо)
макулдук берүү жөнүндө
Хан-Теңири айыл аймагына караштуу Ак-Булак айылындагы №987, 988-контурлардагы айыл чарба багытындагы 0,61 га жайыт жер тилкесин жана Токтогул айылындагы Уй-Булак коктусундагы №573-контурда жайгашкан айыл чарба багытындагы 0,80 га жайыт жер тилкесин айдоо жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү жарандардын арызын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнундөгү” Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11,13-беренелеринин негизинде жергиликтүү кенеш токтом кылат :
1.Хан-Теӊири айыл аймагына караштуу Ак-Булак айылындагы №987, 988-контурлардагы айыл чарба багытындагы 0,61 га жайыт жер тилкесин жана Токтогул айылындагы №573-контурда жайгашкан айыл чарба багытындагы 0,80 га жайыт жер тилкесин айыл чарба багытындагы айдоо жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
1. Жайыт жер тилкесин айыл чарба багытындагы айдоо жер категориясына которууга (трансформациялоого) байланышкан иштерди жүргүзүү Хан-Теӊири айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго милдеттендирилсин.
2. Бул токтом МКК жарыялагандан кийин Ысык-Көл облусттук юстиция башкармалыгына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Токтомду аткарууга алуу Хан-Теӊири айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жер, айыл чарбасы, жайыт, курулуш, архитектура жана экология боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага Т.Узаков