Загрузка документа…
ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ
АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
Т О К Т О М
09.04.2026-ж. №___18____
Ак-Чий айылынын Тасма көчөсүнө Конушбаев Асандын
ысымын ыйгаруу жөнүндө
Хан-Теӊири айыл өкмөтүнүн Ак-Чий айылындагы Тасма көчөсүн Конушбаев Асан аксакалдын атына которуп берүү жөнүндөгү кайрылуусу келип түшүп, кайрылууда Конушбаев Асан аксакал көп жылдар бойу мамлекеттик иштерде иштегендиги, совхоз учурунда да көп иштерди жасагандыгы белгиленген. Конушбаев Асан аксакал Советское айылында төрөлгөн. Мектепте окууну ийгиликтүү бүтүп, 1969-жылы Ысык-Көл облусундагы совхоз-техникумга тапшырган. Аны ийгиликтүү аяктагандан кийин Самарканддагы Куйбышев атындагы айыл чарба институтун аяктаган. Эмгек жолун Советское айылынан осеменатор болуп иштөөдөн баштаган. Кийин завферма болуп көтөрүлгөн. Главный зоотехник болуп иштеди. Андан кийин совхоздун директору болуп бекитилген. Ошол кездеги Дзержинский совхозуна эмгеги жакшы өткөн. Конушбаев Асан районго, областка, республикага чейин аты белгилүү болгон. Татыктуу ата болгон. Көзү өтүп кетти. Көптөгөн сыйлыктардын ээси. Айыл жашоочуларынын суранычын эске алып айыл өкмөтү Ак-Чий айылынын Тасма көчөсүн Конушбаев Асан атындагы көчө деп которуп берүү жөнүндөгү кайрылуусун жолдогон.
Мыйзамдуулук, укук коргоо, өзгөчө кырдаал, депутаттык этика, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын жогорудагы маселе боюнча корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө жобого" негиздеп, Хан-Теӊири жергиликтүү кенешинин Хан-Теӊири айыл аймагында көчөлөргө жана калктуу пункттарынын башка курамдык бөлүктөрүнө аталыштарды ыйгаруу, кайра атоо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” №16 токтому менен бекитилген Жобону жетекчиликке алып жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
1. Ак-Чий айылындагы Тасма көчөсү Конушбаев Асан атындагы көчө болуп которулсун.
2. Көчөнүн атын которууга байланышкан иштерди жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго милдеттендирилсин.
3. Токтом ММКларга жайгаштырылып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук коргоо, өзгөчө кырдаал, депутаттык этика, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага Т.Узаков