Загрузка документа…
ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ
АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
Т О К Т О М
2026-жыл 09-апрель № 20_____
Хан-Тенири айыл аймагындагы Токтогул айылынан баштап
уй базга чейин электр жарыгын тартуу үчүн мамыларды
орнотууга уруксат берүү жөнүндө
Хан-Теӊири айыл аймагындагы Токтогул айылынын жашоочуларынын кайрылууларын эске алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык талкуулап, жергиликтүү кенеш токтом кылат:
1. Хан-Теңири айыл аймагындагы Токтогул айылынан баштап уй базга чейин электр жарыгын тартуу үчүн жайыт жердеги 791, 787, 783, 784, 785, 786-контурларга электр мамыларын орнотууга уруксат берилсин.
2. Электр мамыларын орнотууга байланышкан иштерди жүргүзүү Хан-Тенири айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго милдеттендирилсин.
3. Токтом ММКларга жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарбасы, жайыт, курулуш, архитектура жана экология боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага Т.Узаков