Загрузка документа…
ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ
АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
Т О К Т О М
2026-жылдын 9-апрели №__21_____
Хан-Теңири айыл аймагынан өрткө каршы куткаруу бөлүгүн
курууга жер тилкесин берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ɵзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Ак-Суу райондук Ɵзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2025-жылдын 8-декабрындагы №05-4/586 сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
1. Хан-Теӊири айыл аймагына караштуу Ново-Вознесеновка айылынын күн чыгыш тарабындагы №379 контурунда жайгашкан 0,50 га муниципалдык жер тилкесин Ак-Суу райондук Ɵзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө өрткө каршы куткаруу бөлүгүн куруу үчүн берүүгө макулдук берилсин.
2. Өрткө каршы куткаруу бөлүгүн куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүгө байланышкан иштерди жүргүзүү Хан-Тенири айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго милдеттендирилсин.
3. Токтом ММКларга жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарбасы, жайыт, курулуш, архитектура жана экология боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага Т.Узаков