Загрузка документа…
ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ
АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
Т О К Т О М
09.04.2026-ж. № _ _22_____
Хан-Тенири айыл аймагында жол жээгинен чыккан кум, таш,
топурактарды төгүүгө карьерлерди аныктап берүү жөнүндө
Хан-Теӊири айыл өкмөтү тарабынан “Үч чоку” долбоорунун алкагында Каракол-Эӊилчек жолунун Хан-Теӊири айыл аймагында жасалып жаткан жолдун тилкесинен чыккан кум, таш, топурак жана тал-теректердин чамындылары сыяктуу таштандыларды төгүү үчүн карьерлерди аныктап берүү боюнча көтөрүлгөн маселени карап жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык талкуулап, жергиликтүү кенеш токтом кылат:
1. Каракол-Эӊилчек жолунун Хан-Тенири айыл аймагынын күн батыш тарабындагы чек арасынан Ичке-Жергез айылына чейинки жолдун жээгинен чыккан кум, таш, топурак 717-контурга, Ичке-Жергез-Ново-Вознесеновка айылдарынын ортосундагы жол жээгинен чыккан кум, таш, топурак 532, 531, 378, 139, 137- контурларга, Ак-Булуӊ айылынан Токтогул айылына чейинки жол жээгинен чыккан кум, таш, топурак 388-контурга, тал-теректердин чамындылары сыяктуу таштандыларды 141-контурга, Ак-Булуӊ, Ак-Булак, Токтогул айылдарынын жол жээгинен чыккан кум, таш, топурактар Ак-Булуӊ айылынын эски карьерин рекультивация кылууга төгүлсүн.
2. Каракол-Эӊилчек жолунун Хан-Теӊири айыл аймагында жасалып жаткан жолдун тилкесинен чыккан кум, таш, топурак жана тал-теректердин чамындылары сыяктуу таштандыларды төгүүгө байланышкан иштерди жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин.
4. Токтом МККга басылып чыккан күнү Ысык-Көл облусттук юстиция башкармалыгына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
5. Токтомду аткарууга алуу Хан-Теӊири айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү кенештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Т.Узаков