Загрузка документа…
ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ
АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТ КЕНЕШИ
Т О К Т О М
2026-жылдын 22-майы №__25_____
Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасына
караштуу “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасына Шахты-Жыргалаӊ токойчулугунан берилген 1600 га жайыт жер тилкесинин ордуна
(компенсация) сырт өрөөнүнөн жайыт жер берүү жөнүндө
Хан-Теӊири айыл аймагына караштуу Каракол токой чарбасынын Шахты-Жыргалаӊ токойчулугунан Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасына караштуу “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасына 1600 га жайыт жер тилкеси өндүрүштүк муктаждыктарга байланыштуу бөлүнүп берилген. Эми Каракол токой чарбасынын өткөрүлүп берилген жайыт жер тилкелеринин ордун толтуруп (компенсация) берүү максатында Хан-Тенири айыл аймагынын сырт өрөөнүндөгү 1600 га жайыт жер тилкесин берүү үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21, 28-беренелерине ылайык жергиликтүү кенеш токтом кылат :
1. Каракол токой чарбасынын Шахты-Жыргалаң токойчулугунан Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасына караштуу “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасына берилип кеткен 1600 га жайыт жер тилкесинин ордун толтуруп (компенсациялап), Хан-Тенири айыл аймагына караштуу Сырт өрөөнүндөгү Теректи жайытынан 127-контурдан 137,3 га, 125-контурдан 6 га, 123-контурдан 28 га, 134-контурдан 304,7 га, 158-контурдан 57га, Кайыӊды жайытынан Боз-Кыя участкасынан 218-контурдан 3,5 га, 236-контурдан 69,6 га, Кайыӊды участкасынан 417-контурдан 533 га, бардыгы 1600 га жайыт жерлери Каракол токой чарбасына өткөрүлүп берилсин.
1. Өткөрүп берүүгө байланышкан иштерди жүргүзүү Хан-Тенири айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго милдеттендирилсин.
2. Токтом ММКларга жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарбасы, жайыт, курулуш, архитектура жана экология боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага Т.Узаков
Ционго катышкандарга