Загрузка документа…
ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ
АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
Т О К Т О М
2026-жылдын 22-майы №___27____
Бангизаттар алынуучу кендир өсүмдүктөрүн жоготууга багытталган
иш-чараларды кабыл алуу жана бекитүү жөнүндө
Хан-Тенири айыл аймагында банги заттары алынуучу кендир өсүмдүктөрүн жоготуу жана бангиликтин жайылышына тыйуу салуу боюнча айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамсынын 27-беренесине ылайык жергиликтүү кенеш токтом кылат :
1.Айыл аймагында бангизаттар алынуучу кендир өсүмдүктөрүн жоготууга багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу жана иш-чаралар менен иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго милдеттендирилсин.
1. Токтом ММКга жарыялансын жана басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жер, айыл чарбасы, жайыт, курулуш, архитектура жана экология боюнча туруктуу комиссияга жана токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго жүктөлсүн.
Төрага Т.Узаков