Загрузка документа…
ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ
АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
Т О К Т О М
22.05.2026-ж. №28
Токтогул айылына жаӊы бала бакча курууга жер тилкесин
аныктап берүү жөнүндө
Токтогул айылынын элинен жаӊы бала бакча куруп берүү жана курула турган жерди аныктап берүү жөнүндө суроо талаптары түшкөн. Ошондуктан айыл ичинен бала бакча курууга ылайыктуу жерди аныктап берүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнундөгү” Мыйзамынын 27-беренесине негиздеп жергиликтүү кенеш токтом кылат :
1. Хан-Тенири айыл аймагына караштуу Токтогул айылындагы 159 жана 160-контурлардагы 0,60 га жер тилкесине бала бакча курууга уруксат берилсин.
2. Хан-Тенири айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго бала бакча курууга байланышкан маселелерди чечүү жана документтерин бүткөрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом МКК жарыялагандан кийин Ысык-Көл облусттук юстиция башкармалыгына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Токтомду аткарууга алуу Хан-Теӊири айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мыйзамдуулук, укук коргоо, депутаттык этика, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага Т.Узаков