ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ
АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
Т О К Т О М
2026-жылдын 22-майы №__29____
Жыргалаӊ айылындагы кароосуз калган үйлөрдү муниципалдык менчиккке кабыл алуу жөнүндө
Хан-Тенири айыл аймагындагы Жыргалаӊ айылындагы ээси жок, союз кезинде курулган, бирок кийин кароосуз калып, таланып тонолгон үйлөр боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары А.Адыгуловдун билдирүүсүн угуп жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамсынын 27-беренесине ылайык жергиликтүү кенеш токтом кылат :
1.Айыл аймагындагы Жыргалаӊ айылындагы кароосуз калган үйлөр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга уруксат берилсин.
2. Кароосуз калган үйлөрдү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жана аларга тиешелүү документтерин алууга байланышкан иш-чараларды жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго милдеттендирилсин.
1. Токтом ММКга жарыялансын жана басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго жүктөлсүн.
Төрага Т.Узаков