Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Миң-Куш айыл аймагынын

айылдык кеңешинин биринчи сессиясы

 

2024-жылдын 29-ноябры №1-1

 

 

 Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

 

    Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин биринчи жыйынынын эсептөө комиссиясынын жыйынтыгынын  негизинде №2/1-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен

                                                          

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Эсептөө комиссиясынын Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин. 

2.    Бекеев Айбек Тынайбекович Мин-Куш айыл аймагынын  айылдык

  кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 Төрага

А. Бекеев