Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Миң-Куш айыл аймагынын

айылдык кеңешинин биринчи сессиясы

 

2024-жылдын 29-ноябры №1-2

 

 

  Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

 

Эсептөө комиссиясынын жыйынтыгынын  негизинде №3/1-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен

                            ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Эсептөө комиссиясынын  айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3/1-протоколу бекитилсин.

2.    Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп Мамытбекова  Тынара Буудайчиевна шайлангандыгы таанылсын.

3.      Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 Төрага

А. Бекеев