Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Миң-Куш айыл аймагынын

айылдык кеңешинин биринчи чакырылышынын депутаттарынын кезектүү I -сессиясы

 

2024-жылдын 29-ноябры №1-1-4

 

 

   Миң-Куш айыл аймагы боюнча үчүнчү Элдик Курултайга айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө.

 

    Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 “Кезектеги Элдик Курултайды өткөрү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде  аныкталган 2024-жылдын 20-21-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө маселени карап, айылдык кеңештин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап,   Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңеши  токтом кылат:

1.    Миң-Куш айыл аймагы боюнча өкүлчүлүктүү жыйындын өкүлдөрүнүн жалпы саны 50 адамдан түзүлсүн.

2.    Өкүлчүлүктүү жыйындарга өкүлдөрдү шайлоо боюнча Миң-Куш айыл аймагы №1-тиркемеге ылайык, тиешелүү аймактарга бөлүнсүн;

3.    Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин календардык планында аныкталган мөөнөткө ылайык, жарандардын жыйындарын өткөрүүнүн графиги жана чогулуштарды өткөрүүнүн графиги жана алардан шайлануучу өкүлдөрүнүн өкүлчүлүктүн ченемдери №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4.    Өкүлчүлүтүү жыйындын өкүлдөрүн шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

5.     Өкүлчүлүтүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү 9 адамдан турган жумушчу тобунун курамы №4-тиркемеге ылайык бекитилсин.

6.    Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүтүү жыйын Миң-Куш айылынын 16-аянтчасындагы Э. Акматалиев атындагы жаштар  маданият үйүндө 2024-жылдын 7-декабрында саат 11:00 дө өткөрүү 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.

7.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырамын.

 Төрага

А. Бекеев

 

Миң-Куш  айыл аймагынын  айылдык   Кеңешинин 

I-чакырылышынын                    депутаттарынын

                                                                         2024-жылдын 29-ноябрындагы   

                                                                        1-сессиясынын № 1-1-4 токтомуна

                                                                         1-тиркеме                                                                                  

Миң-Куш айыл аймагынын калктуу конуштарын бөлүктөргө бөлүү

 

 

  1. Кызыл-Сөөк айылы, 17-аянтчасы, 16-аянтчасы, Алыскы Миң-Куш участкасы;
  1. Өйдөкү жана Ылдыйкы Агулак участкасы, 21-аянтча, 20-аянтча;
  1. Табылгыты, Кызыл-Коргон, Сары-Булуң айылдары;
  1. Кең-Суу, Котур-Суу, Табылга айылдары;