Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Миң-Куш айыл аймагынын

айылдык кеңешинин биринчи чакырылышынын депутаттарынын кезектүү I -сессиясы

 

2024-жылдын 29-ноябры №1-1-6

 

 

     Нарын облустук “Теңир-Тоо өнүктүрүү фондусуна” долбоор сунуштоо жөнүндө

 

           Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын

I-чакырылышынын кезектүү  I сессиясында Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сунушун угуп, 2025-жылга карата Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна даярдалып жаткан долбоорлорду талкуулап Миң-Куш айылдык кеңеши

 

                                                            ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      Миң-Куш айылынын “Мир” маданият үйүн оңдоо иштерине Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна 8 505 585 (сегиз миллион беш жүз беш миң беш жүз сексен беш) сомго долбоор бекитилсин.

2.      “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономика негиздери жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, “Миң-Куш айылындагымаданият үйүн  оңдоо” долбооруна Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна өздүк салымы үчүн жалпы 4 252 793 (төрт миллион эки жүз элүү эки миң жети жүз токсон үч) сом каралсын. 

3.      Токтомдун аткарылышы Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Абдылдаев Алмаз Орозбековичке тапшырылсын.

4.      Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веп-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

   Төрага

А. Бекеев