Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 06-августу № 01-5/ 109
Селден кийинки көчөлөрдү тазалоо, көпүрө куруу
иштерине акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XX сессиясы, 2026-жылдын 13-июлундагы аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн, каттуу жааган жамгырдан пайда болгон сел кесепетинен бир нече курулмалар жабыркап, алардын ичинен Жаштык жана Дыйканов атындагы көчөлөргө өтүүчү чоң көпүрөлөр кайрадан пайдаланууга жараксыз экендигин боюнча жана Кыргыз Республикасынын Ɵзгөчө Кырдаалдар министрлигинин Ɵзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо Департаментинин корутунудусуна негиз, көчөлөрдү сүрдүрүү иштерине 9 978 000 (тогуз миллион тогуз жүз жетимиш сегиз миң)сом, Транспортная, Жаштык көчөсүндөгү көпүрөсүнө 8 400 000 (сегиз миллион төрт жүз миң) сом, ал эми Дыйканов, Жаштык көчөлөрүнө өтүүчү көпүрөгө 13 450 000 (он үч миллион төрт жүз элүү) сом акча каражаттары керектелээрин сураган 2026-жылдын 29-июлунда № 01-28/2678 сандуу чыгыш катына, шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусун талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2. 2026-жылдын 26-майындагы № 01-5/92 токтому менен бекитилген курулуш иштерине ажыратылган акча каражатынын ичинен;
- шаардык Кеңештин кабинеттерин ремонтоого ажыратылган 1000 000 сом;
- шаар аймагына кварталдар боюнча балдар ойноочу аянтча курууга каралган 3 000 000сом;
- К.Сыдыков атындагы көчөсүнө асфальт төшөөгө ажыратылган 10 333 000 сом;
- Эгембердиев Маматкайым атындагы көчөсүнө асфальт төшөө иштерине ажыратылган 9 925 000 сом;
- Садовая көчөсүнүн № 56 үйүнүн алдындагы жолго асфальт төшөө иштерине ажыратылган 2 000 000 сом;
- таштандыларды жок кылуу полигонуна барган жолго асфальт төшөө иштерине каралган 1 000 000 сом;
- муниципалдык базар курууга ажыратылган акчадан 4 000 000 сом акча каражаты, жалпысы болуп 31 258 000 (отуз бир миллион эки жүз элүү сегиз миң) сом акча каражаты, 2026-жылдын 13-июлундагы аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн, каттуу жааган жамгырдан пайда болгон сел кесепетинен жабыркаган объектилерди калыбына келтирүү үчүн төмөндөгү жумуштарга ажыратылып берилсин;
- көчөлөрдү сүрдүрүү, тазалоо, техникалардын кызмат акы иштерине 9 978 000 (тогуз миллион тогуз жүз жетимиш сегиз миң) сом;
- Транспортная, Жаштык көчөсүндөгү көпүрөсүн куруу иштерине 8 400 000 (сегиз миллион төрт жүз миң) сом;
- Дыйканов, Жаштык көпүрөсүн куруу ишине 13 450 000 (он үч миллион төрт жүз элүү) сом.
3. Аппараттын түрдүү чыгымдарынан 500 000 сом, резервтик фонддон 500 000 сом жалпысы 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты селден жабыркаган жарандарга жардам берүүгө ажыратылсын.
4. Селден кийинки көчөлөрдү тазалоо иштерин жүргүзгөн учурда эски асфальты толугу менен алып салып шагыл төгүү иштерин жүргүзүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаар мэрине милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча», «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» жана «мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча» туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
С.П.Маматкулов
|