Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 06-августу № 01-5/ 110
Селден кесепетинен жабыркаган
жарандарга жардам берүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XX сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмү тарабынан 2026-жылдын 13-июлундагы аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам каттуу жааган жамгырдан пайда болгон сел кесепетинен турак үйлөргө, там аркаларга, короо-жайларга жана чарбалык курулуштаргаа сел кирип, материалдык зыян келтирилгендиги боюнча 2026-жылдын 28-июлунда чыгыш № 01-28/2668 сандуу сунуштаган катын жана Кыргыз Республикасынын Ɵзгөчө Кырдаалдар министрлигинин Ɵзгөчө кырдаалдарга монторинг жүргүзүү, божомолдоо Департаментинин кортунудусун карап чыгып, шаардык Кеңешинин «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусун талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген кортунудусу эске алынсын.
2. Аппараттын түрдүү чыгымдарынан 500 000 сом, резервтик фонддон 500 000 сом жалпысы 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты селден жабыркаган жарандарга жардам берүүгө ажыратылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаар мэрине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
С.П.Маматкулов
|