Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
2026-жылдын 24-январы № 80
Турак жай куруу үчүн берилүүчү жер тилкесинин аянтынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн турак жай комиссиясынын кайрылуусунун негизинде турак жай куруу максатында берилүүчү жер тилкесинин өлчөмүн аныктоо маселесин карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл аймагында калктуу конуштан жарандарга турак жай салууга берилүүчү жер тилкесинин өлчөмү 0,08га болуп бекитилсин.
2. Айыл аймагындагы жарандардын өзүнүн мыйзамдуу менчик укугундагы мамлекеттик актыдан сырткары көп жылдан бери ашыкча пайдаланып жүргөн жеринен бир уулуна же кызына жер тилке бөлүнүп берилүүсүнө макулдук берилсин.
3. Андан ашыкча болгон жер тилкеси айыл аймагындагы турак жайга муктаж болгон үй бүлөөлөргө берилүү жагы эске алынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Мыйзамдуулук, жаратылышты коргоо, закондуулукту сактоо, адам укугун коргоо жана үй-бүлөөлүк маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| З.Кадырбеков |