Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын “10”- августундагы № 187-буйругуна тиркеме
|
“Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөр
1. Жалпы жоболор
1. Бул “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөр (мындан ары – Усулдук көрсөтмөлөр), Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган балдарга төрөлгөн күнүнөн тартып үч жашка толгонго чейин “Бала ырысы” ар айлык мамлекеттик жөлөкпулун (мындан ары – “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпул) дайындоо боюнча социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жана башка мамлекеттик органдардын адистери үчүн практикалык колдонмо болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 421 “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө” токтомун (мындан ары – токтом) ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
2. Усулдук көрсөтмөлөр жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобонун (мындан ары – Жобо) айрым ченемдерин түшүндүрүү болуп саналат, анда зарыл болгон учурда конкреттүү мисалдар келтирилип түшүндүрмөлөр берилет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун ишке ашырылышын камсыз кылуучу ченемдерди камтыйт.
3. Ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн максаттары үчүн төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
арыз ээси – “Бала ырыс” ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн кайрылган Кыргыз Республикасынын жараны, кайрылман же жөлөкпулдарды берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, эл аралык келишимдин колдонулушу жайылтылган мамлекеттин жараны, же болбосо Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним каттын негизинде аракеттенген анын ишенимдүү адамы;
“Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун алуучу (мындан ары – алуучу) – ар бир төрөлгөн, асырап алынган, камкорчулукка алынган жана аны менен чогуу жашаган ар бир балага алар үч жашка толгонго чейин “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун алуучу ата-энесинин (асырап алуучулардын, камкорчулардын/убактылуу камкорчулардын) бири;
социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөр – социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү;
калкты тейлөө борборлору (мындан ары – КТБ) – калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин аймактык бөлүмдөрү.
2. “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн
кайрылуунун тартиби
4. Жобонун 8-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
1) Үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына жана алар тарабынан “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун кошпогондо, мамлекеттик жөлөкпулдардын башка түрлөрүн алгандыгына карабастан бир эле учурда төмөнкү шарттар сакталганда дайындалуучу “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн кайрылууга ата-энелер, асырап алуучулар, камкорчулар, убактылуу камкорчулар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген ишеним каттын негизинде иш алып барган ишенимдүү адамдар укуктуу:
– бала төрөлгөн күндөн тартып жана ал үч жашка чыкканга чейин;
– үч жашка чейинки курактагы бала жөлөкпул алуучу менен Кыргыз Республикасынын аймагында чогуу жашаганда.
Үч жашка чейинки үчүнчү жана андан кийинки балдарга дайындалган “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алуудан баш тарткан учурда, аталган балдарга “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоого жол берилет.
Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган арыз ээси биринчи жолу кайрылганда, үчүнчү жана кийинки балдарына “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун же “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоону тандоо укугу каралат.
2) Эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча коэффициенттер белгиленген калктуу конуштарда жашаган адам кайрылган учурда, “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулу белгиленген коэффициенттерди эсепке алуу менен дайындалат.
Арыз ээси менен баланын иш жүзүндө чогуу жашаган (турган) дареги “Санарип аймак” санариптик технологиялык тутумундагы (мындан ары – “Санарип аймак” СТТ) каттоо маалыматтарынын негизинде аныкталат.
Арыз ээси менен баланын иш жүзүндө чогуу жашаган (турган) жери “Санарип аймак” СТТда жана “Даректик-маалымда бюросу” санариптик технологиялык тутумундагы (мындан ары – “ДМБ” СТТ) каттоо эсебинде дагы болсо, жөлөкпул “Санарип аймак” СТТдагы каттоо маалыматтарынын негизинде дайындалат.
Арыз ээси менен баланын иш жүзүндө чогуу жашаган (турган) жери “Санарип аймак” СТТда жок болгон учурда, “ДМБ” СТТдагы каттоо эсебиндеги иш жүзүндө жашаган (турган) жери жөнүндө маалыматтар колдонулат.
Арыз ээси менен баланын “ДМБ” СТТдагы иш жүзүндө чогуу жашаган (турган) жери жөнүндө маалыматтар колдонулган учурда “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулу бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактардын белгиленген райондук коэффициенттерин эсепке албастан, арыз ээсинин маалымдалган макулдугу менен, 1200 (бир миң эки жүз) сом өлчөмүндө дайындалат.
“Санарип аймак” СТТга арыз ээси менен баланын иш жүзүндөгү жашаган (турган) жери катталгандан кийин, “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулу бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактардын белгиленген райондук коэффициенттерди эске алуу менен, арыз ээси менен баланын иш жүзүндөгү жашаган (турган) жери “Санарип аймак” СТТга каттоого алынгандан кийин, жаңы арыз берилген айдан кийинки айдан тартып дайындалат.
Аталган мамлекеттик маалыматтык тутумдардын жана мамлекеттик маалыматтык ресурстарынын биринде арыз ээсинин жана үч жашка чейинки баланын иш жүзүндө жашаган (турган) жеринин дареги дал келбей калган учурда, жөлөкпул дайындалбайт.
Мындай учурда, арыз ээсинин жана үч жашка чейинки баланын каттоо дареги дал келиши үчүн, арыз ээси КТБга, айыл өкмөтүнө/муниципалдык аймактык башкармалыкка арыз ээси менен үч жашка чейинки баланын иш жүзүндө жашаган (турган) жерин “Санарип аймак” СТТга же “ДМБ” СТТга каттоо жөнүндө арыз менен кайрылуусу зарыл.
Арыз ээлери “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун мыйзамсыз дайындоого алып келген анык эмес маалыматтарды бергендери үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө же кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
3) “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулу 2023-жылдын 1-августунан тартып төрөлгөн балдарга дайындалат.
2023-жылдын 1-августунан 31-августуна чейинки мезгилде төрөлгөн балдарга “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн 2026-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейинки мезгилде кайрылган учурда, төлөм жүргүзүлгөн учурда баланын жашы үч жаш бир айга толгондугуна карабастан, төлөм август айында жүргүзүлүүгө тийиш, бул ченем 2023-жылдын 1-августунан 31-августуна чейинки мезгилде төрөлгөн балдарга гана колдонулат.
2026-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейинки мөөнөт аяктагандан кийин, 2023-жылдын 1-августунан 31-августуна чейинки мезгилде төрөлгөн балдарга “Түндүк” санариптик өз ара аракеттенүү тутуму (мындан ары – “Түндүк” СӨТ) аркылуу электрондук форматтагы жана социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөрдө кагаз форматтагы арыздар кабыл алынбайт.
4) “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулу толугу менен мамлекеттин камсыздоосунда турган (социалдык стационардык мекемелердеги, балдар үйлөрүндөгү, фостердик үй-бүлөлөрдөгү) балдарга дайындалбайт.
1-мисал:
Үч жашка чейинки үч баласы бар, балдары менен бирге жашаган жана үчүнчү баласына “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алган жаран (үй-бүлө), биринчи жана экинчи баласы үч жашка толгонго чейин аларга “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн арыз берүүгө укуктуу. Бул учурда “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алып жаткан үчүнчү бала бир эле убакта “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун ала албайт.
Бирок, аталган балага дайындалган “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алуудан баш тарткан учурда, ага “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоого жол берилет.
Арыз ээсинин үч жашка чейинки балдары менен иш жүзүндө жашаган (турган) жеринин дареги жашаган (турган) жери боюнча “Санарип аймак” СТТда же “ДМБ” СТТда катталган дареги менен дал келиши керек.
2-мисал:
Эгерде бийик тоолуу райондо жайгашкан калктуу конушта туруктуу жашаган, төрт баласы бар, алардын улуусу беш жашта, экинчиси 2 жашта, үчүнчүсү 1 жаш 6 айлык, ал эми төртүнчүсү 2 айлык болгон жаран (үй-бүлө) “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоого арыз берген учурда.
“Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоого арыз бергенге чейин, үчүнчү жана төртүнчү балага “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу, ал эми бул үй-бүлөнүн калган балдарына “үй-бүлөгө көмөк” ай сайын берилүүчү жөлөкпул дайындалган.
Мындай учурда, “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулу экинчи балага ал үч жашка толгонго чейин дайындалат жана “үй-бүлөгө көмөк” ай сайын берилүүчү жөлөкпулу менен бир убакта төлөнөт. Ошондой эле, улуу баласына дайындалган “үй-бүлөгө көмөк” ай сайын берилүүчү жөлөкпулу сакталат. Үчүнчү жана төртүнчү баласы “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алууну улантышат.
5) Эгиздер/үч эм же андан көп бала төрөлгөн учурда “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулу ар бир балага дайындалат. “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун алууга укугу бар ар бир балага өзүнчө арыз берилет.
1-мисал:
Жетүүгө кыйын аймакта жайгашкан калктуу конушта туруктуу жашаган, үч жашка чейинки куракта эки баласы жана 4 айлык эгиздери бар жаран (үй-бүлө) “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн арыз берет.
Бул үй-бүлө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарына кирбейт, ушуга байланыштуу балдардын ата-энеси буга чейин “үй-бүлөгө көмөк” ай сайын берилүүчү жөлөкпулун дайындоо үчүн кайрылышкан эмес.
Мындай учурда бул үй-бүлө бардык балдарына “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн арыз берүүгө, же болбосо биринчи жана экинчи баласына “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун, ал эми үй-бүлөдөгү үчүнчү жана төртүнчү бала болуп саналган эгиздерине “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого арыз берүүгө тандоо укугуна ээ. Мында ар бир балага өзүнчө арыз берилет.
5. Жобонун 9-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
1) Ата-энесинин оорусуна же Кыргыз Республикасынын чегинде же чет өлкөдө оорулуу үй-бүлө мүчөсүнүн коштоосунда 60 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө, майыптуулугун белгилөө зарылчылыгында 120 календардык күнгө чейин, ата-энесинин жумушка байланыштуу же окууга убактылуу кеткенде 120 календардык күнгө чейин, же ата-энеси убактылуу кармоочу жайга камалганда 120 календардык күнгө чейин, арыз Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним катты көрсөткөн ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан берилиши мүмкүн. Мында “Бала ырысы” жөлөкпулу ишеним кат берген ата-энеге (асырап алуучуга, камкорчуга) дайындалат.
Мисал:
Эки жаштагы баланын энеси чет өлкөгө убактылуу дарыланууга кетип жатып, өзүнүн апасына – баланын тайэнесине ишеним кат тариздеген. Мында тайэнеси кызы дарыланып жүргөн мезгилде баланын иш жүзүндө жашаган жерине көчүп келет. Мындай учурда тайэнеси “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун алуу үчүн жөлөкпул дайындала турган баланын иш жүзүндө жашаган жери боюнча социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө кайрылууга тийиш. Бул учурда “Бала ырысы” жөлөкпулу ишеним кат берген энесине дайындалат.
6. Жобонун 11-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
1) Арыз ээси тарабынан “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоо жөнүндө арыз төмөнкүдөй берилет:
– “Түндүк” СӨТ аркылуу электрондук форматта;
– “Түндүк” СӨТтү колдонуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, арыз ээси Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтерди тиркөө менен, жашаган (турган) жери боюнча түздөн-түз социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө арыз берүүгө укуктуу.
“Түндүк” СӨТ аркылуу арыз берүүдө Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн документтер жана маалыматтар автоматтык түрдө суралат жана мамлекеттик маалыматтык системаларда жана мамлекеттик маалыматтык ресурстарда, аларда тиешелүү маалыматтар болгон учурда чагылдырылат. Санариптештирилбеген документтер гана (ишеним кат, асырап алууну же камкорчулукту белгилөө жөнүндө соттун чечими ж.б.) сканерден өткөрүлөт.
“Түндүк” СӨТтө Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн документтер жана (же) маалыматтар жок болгон учурда, арыз ээсине социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн адиси (мындан ары – адис) тарабынан аларды санариптештирүү, шайкеш келтирүү жана белгиленген тартипте мамлекеттик маалыматтык системаларга жана мамлекеттик маалыматтык ресурстарга киргизүү үчүн мамлекеттик органдарга кайрылуу боюнча түшүндүрмөлөр берилет.
2) “Түндүк” СӨТ аркылуу электрондук форматта “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн кайрылганда, каттоо арыз ээсинин смартфонуна орнотулушу керек болгон “Түндүк” мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү “Кызматтар” бөлүмүндөгү “Социалдык төлөмдөр” аркылуу “Бала ырысы” кызматында жүзөгө ашырылат.
3) Жашаган (турган) жери боюнча социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн кайрылганда, адис тарабынан “Социалдык камсыздоонун бирдиктүү системасы” (мындан ары – СКБС) санариптик технологиялык тутумундагы ушул Усулдук көрсөтмөлөргө 1-тиркемеге ылайык арыз толтурат. Андан кийин арыз кагазга басып чыгарылат, арыз ээси тарабынан кол коюлат жана ишке тиркелет.
Арызды толтурууда арыз ээсинен анын жана үч жашка чейинки баланын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу суралат, ал эки нускада кагазга басып чыгарылат, анын бирөөсү арыз ээсине берилет, экинчиси ишке тиркелет, мында эки нуска тең түп нуска болуп эсептелет.
Баланын жеке маалыматтарын иштетүү Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексинин 81-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.
СКБСге ай сайын берилүүчү жөлөкпулун алууга талапкерге тиешелүү бардык маалыматтар электрондук арыздарды түзүү үчүн СКБСке киргизилет. СКБСта ишти каттоо ушул Усулдук көрсөтмөлөргө 2-тиркемеге ылайык “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоого арыздарды каттоо журналында” жүргүзүлөт.
СКБСке арызды каттоо социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын санариптик технологиялык тутумундагы маалымат базасын калыптандыруу жана пайдалануу тартибин караган “Бала ырысы” модулунун Колдонуучунун колдонмосуна ылайык жүргүзүлөт.
Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү башка аймактык бөлүмдө “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун алып жаткан адамды аныктоо СКБСке “Бала ырысы” жөлөкпулун алууга талапкер болгон адамдын маалыматтарын (ИЖН) киргизүүдө автоматтык режимде жүргүзүлөт.
Эгерде система социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү башка аймактык бөлүмдө “Бала ырысы” жөлөкпулу жана “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу боюнча учурдагы төлөмдөрдүн бар экендиги жөнүндө билдирбесе, анда СКБСке каттоо улантылат жана тиешелүү түрдө арыз ээсине кайрылган жери боюнча “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпул дайындалат.
Эгерде арыз ээси “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун алуу үчүн кайрылууда аны башка дарек боюнча алып жаткандыгын жашырып койсо (башка дарек боюнча ушул түрдөгү жөлөкпулду алып жаткандыгы жөнүндө арызында көрсөтпөсө), ошондой эле система учурдагы төлөмдүн бар экендиги жөнүндө билдирсе, анда ушул кайрылган жери боюнча “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулду дайындоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
4) Арызды кабыл алуу жөнүндө билдирүүнү берүү/жөнөтүү арыз ээсине маалымдоонун милдеттүү шарты болуп саналат.
“Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоо жана дайындоодон баш тартуу жөнүндө билдирүүлөр ушул Усулдук көрсөтмөлөргө 3-тиркемеге ылайык форма боюнча “Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана дайындоодон баш тартуу жөнүндөгү билдирүүлөрдү каттоо журналына” катталат.
Арызды кабыл алуудан баш тартылган учурда, арыз ээсине баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоодон баш тартуу жөнүндө тил кат-билдирүү берилет.
“Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоо же аны дайындоодон баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечим тууралуу арыз ээсине маалымдоо чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылууга тийиш:
– арыз электрондук түрдө берилген учурда, “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук билдирүү;
– арыз ээсинин электрондук почтасына жооп жөнөтүү же СМС-билдирүү аркылуу (арыз ээси арызды кагаз форматында берген учурда көрсөткөн маалымдоо ыкмасын тандоосуна жараша болот). Мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо же аны дайындоодон баш тартуу жөнүндө билдирүү автоматтык түрдө түзүлөт жана СКБСтен кагазга басып чыгарылат. Басып чыгарылган билдирүүлөргө социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн башчысы, ал эми ал жок болгон учурда анын орун басары кол коёт.
Мисал:
Жөлөкпул дайындоо жөнүндө чечим 2026-жылдын 5-июлунда кабыл алынган. Бул учурда арыз ээсине кабыл алынган чечим тууралуу 2026-жылдын 5-июлунда же 6-июлунда маалымдалууга тийиш.
Эгерде жөлөкпул дайындоого берилген арызда электрондук почтанын дареги көрсөтүлсө, анда билдирүү сканерленип, арыз ээсинин электрондук почтасына жөнөтүлөт. Билдирүүнүн түп нускасы өздүк ишке тиркелет.
Арыз ээсинин электрондук почтасы жок болгон учурда, адис арыз ээсине мобилдик телефон байланышы (СМС-билдирүү) аркылуу ага жөлөкпул дайындалганы же аны дайындоодон баш тартылганы жөнүндө маалымдайт. Муну менен бирге, арыз ээсине социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүм иштеген убакыттын ичинде өзүнө каалаган ыңгайлуу учурда келип, билдирүүнү алып кетсе болору маалымдалат.
Арыз ээси менен электрондук почта же телефон байланышы (СМС-билдирүү) аркылуу байланышууга мүмкүнчүлүк болбогон учурда, же болбосо арыз ээси билдирүүнү келип алууга мүмкүнчүлүгү жок экенин билдиргенде, билдирүү почта байланышы аркылуу жөнөтүлөт.
5) Арыз ээсине “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун төлөөнү токтотууга же анын өлчөмүн кайра эсептөөгө алып келүүчү жагдайлар келип чыккан учурда 5 (беш) календардык күндүн ичинде социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө маалымдоо милдети жөнүндө түшүндүрмөнү камтыган тил кат-билдирүү милдеттүү тартипте берилет.
Тил кат-билдирүү эки нускада кагазга басып чыгарылат жана арыз ээси тарабынан кол коюлат, мында бир нускасы арыз ээсине берилет, ал эми экинчиси өздүк ишке тиркелет. Эки нуска тең түп нуска болуп саналат.
“Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун алуучулары, арыз ээси жана баланын иш жүзүндө жашаган (турган) жери өзгөрүп, жаңы жашаган (турган) жери боюнча калктуу конуштарда эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөр үчүн башка коэффициент белгиленсе, ошондой эле “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулунун өлчөмүн өзгөртүүгө же төлөмдү токтотууга алып келүүчү башка маалыматтар жөнүндө, бул өзгөрүүлөрдү автоматтык түрдө катоо мүмкүн болбогон учурларда, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө баруу, ошондой эле мамлекеттик электрондук билдирүү системасы аркылуу маалымдай алышат.
6) Ишенимдүү адам, асырап алуучу, камкорчу, убактылуу камкорчу, чет мамлекеттердин туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү бар балдардын ата-энелери же кайрылман статусу бар адам Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер менен, жашаган (турган) жери боюнча
социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө арыз беришет.
7) Эгерде “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун алуу үчүн кайрылман статусу бар адам кайрылса, анда мындай учурларда милдеттүү тартипте кайрылмандын ырастамасы талап кылынат. Мында легалдаштырууну жокко чыгаруу жөнүндө эл аралык келишимдер колдонулган өлкөлөрдү кошпогондо, тийиштүү тартипте легалдаштырылган же апостил коюлган, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен чет мамлекеттин жаранынын паспорту көрсөтүлөт.
8) “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун алуу үчүн кайрылган ата-энесинин (асырап алуучуларынын, камкорчуларынын) бири Кыргыз Республикасынын жараны болбогон учурда, “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулу Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар ата-энесине (асырап алуучусуна, камкорчусуна) таризделет.
7. Жобонун 13-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
1) “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн арыз электрондук форматта берилген учурда, кайрылган күнү арыз “Түндүк” СӨТтө катталган күнү эсептелет.
2) Арыз кагаз форматында берилген учурда, “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн кайрылган күн болуп Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн бардык зарыл документтер менен бирге “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоого арыз кабыл алынган күн эсептелет.
Мисал:
2026-жылдын 10-июлунда “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун алуу үчүн аял киши кайрылып, кайрылмандын ырастамасынан тышкары жөлөкпул дайындоого зарыл болгон бардык документтерди көрсөткөн. Мындай учурда аялдын кайрылуусу ушул Усулдук көрсөтмөлөргө 4-тиркемеге ылайык, “Мамлекеттик жөлөкпулдар маселелери боюнча кеңештерди катоо журналында” катталат.
Бир күндөн кийин, 2026-жылдын 11-июлунда аял кайрылмандын ырастамасын көрсөтөт, андан соң адис “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоого арызды түзөт жана каттайт. Жөлөкпул алуу үчүн кайрылган күн болуп 2026-жылдын 11-июлу, тагыраагы, бардык зарыл документтер көрсөтүлгөн күн эсептелет.
8. Жобонун 14-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
1) Мамлекеттик жөлөкпулдарды берүү маселелери боюнча арыз эсине кеңеш берилген учурда, СКБСте “Мамлекеттик жөлөкпулдар маселелери боюнча кеңештерди каттоо журналына” каттоо жүргүзүлөт.
Кеңеш берүү учурунда арыз ээсине:
– “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө маалымат берилет;
– зарыл учурда арызды тариздөөгө жардам берилет;
– документтерди санариптештирүү тартиби жөнүндө түшүндүрмөлөр
берилет.
Кеңеш берүүлөрдү каттоо социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө кайрылган арыз ээлеринин эсебин алуу, ошондой эле адистердин иш жүктөмүн белгилөө үчүн зарыл.
2) Кеңеш берүү учурунда адистер мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын этикасын сактоого милдеттүү.
3. “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоо жана кайра эсептөө тартиби
9. Жобонун 16-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
1) “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн документтер төмөнкүдөй түзүлөт:
– электрондук арыз берген учурда “Түндүк” СӨТ аркылуу;
– кагаз форматында арыз берилген учурда, СКБС аркылуу.
2) “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук арыз берилген учурда, “Түндүк” СӨТ “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук билдирүү жөнөтүү менен бир жумушчу күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун автоматтык түрдө дайындоону же аны дайындоодон баш тартууну камсыз кылат.
Дайындалган “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун ыктыярдуу түрдө баш тартуу үчүн “Түндүк” мобилдик тиркемесинде арыз ээсине “Алынган кызматтардын тарыхы” бөлүмү аркылуу төлөмдү токтотууга мүмкүндүк каралган.
3) “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоо же дайындоодон баш тартуу жөнүндө чечим социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүм тарабынан “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоо жөнүндө арыз катталган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде документтерди текшерүүдөн кийин кабыл алынат.
4) Арыз берүүчүлөр “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоодо жазуу жүзүндө же электрондук түрдө жазылган кайрылуу менен Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын алдындагы Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө жөнүндө жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча комиссияга, анын ичинде электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы аркылуу кайрылууга укуктуу.
10. Жобонун 17-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
1) Арызды кабыл алуудан мурун, адис бардык документтердин бар экендигин, ошондой эле арыз ээси тарабынан берилген маалыматтардын тактыгын жана толуктугун “Түндүк” СӨТ аркылуу СКБСте текшерет. Эгерде “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин бирөөсү эле жок болсо, арыз кабыл алынбайт.
11. Жобонун 23-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
1) Арыз кабыл алынган күндөн баштап, адиске төмөнкүлөрдү аткаруу үчүн убакыт берилет: арыз ээси жөнүндө маалыматтарды СКБСтин маалымат базасына киргизүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга (зарыл болгон учурда электрондук документ жүгүртүү системасы (мындан ары – ЭДЖС) аркылуу жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөргө жок болгон же тактоону талап кылган документтер жана маалыматтар боюнча интеграция аркылуу сурамдарды жөнөтүү, жөлөкпул дайындала турган балдардын мамлекеттик камсыздоодо бар/жок экендиги, ошондой эле социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү башка аймактык бөлүмдөрдө аларга “Бала ырысы” жана “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жөлөкпулдарынын айындалгандыгы/дайындалбагандыгы жөнүндө сурамдарды жүзөгө ашырат.
Жогоруда көрсөтүлгөн аракеттердин бардыгы арыз катталган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде жүзөгө ашырылууга тийиш.
12. Жобонун 28-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
1) “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулу кайрылган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн баштап, балдар үч жашка толгонго чейин дайындалат. “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун төлөө, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен келишим түзгөн банкта ачылган алуучунун эсебине каражаттарды чегерүү жолу менен накталай эмес формада борборлоштурулган тартипте жүргүзүлөт.
13. Жобонун 29-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
1) Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адиси СКБСте:
– “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоого арыздарды түзөт;
– түзүлгөн арыздарды социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн башчысына жана бөлүм башчысына бекиттирет.
Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн башчысы тарабынан бекитилгенден кийин арыздар автоматтык түрдө социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына караштуу Социалдык коргоо департаментине (мындан ары – Социалдык коргоо департаменти) түшөт.
2) Социалдык коргоо департаментинин адиси СКБСте:
– арыз кабыл алынган айдан кийинки ар бир айдын биринчи жумушчу күнүндө (дем алыш жана майрам күндөрүнөн кийинки биринчи жумушчу күнү), СКБС жана “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу түшкөн арыздардын негизинде “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун төлөөнү накталай эмес формада каржылоого республика боюнча жыйынды талаптаманы (мындан ары – жыйынды талаптама) түзөт;
– бир жумушчу күндүн ичинде (дем алыш жана майрам күндөрүнөн кийинки биринчи жумушчу күнү) түзүлгөн республика боюнча жыйынды талаптаманы Социалдык коргоо департаментинин директоруна, директор жок болгон учурда директордун орун басарына бекиттирет;
Социалдык коргоо департаментинин директору, директор жок болгон учурда директордун орун басары бир жумушчу күндүн ичинде (дем алыш жана майрам күндөрүнөн кийинки биринчи жумушчу күнү) түзүлгөн республика боюнча жыйынды талаптаманы бекитет.
Жыйынды талаптама Социалдык коргоо департаменти менен бекитилгенден кийин, ал автоматтык түрдө социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджеттик пландаштыруу жана каржылоо чөйрөсүндөгү түзүмдүк бөлүмүнө каржылоо үчүн жөнөтүлөт.
3) Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджеттик пландаштыруу жана каржылоо чөйрөсүндөгү түзүмдүк бөлүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабры № 823 “Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде республика боюнча жыйынды талаптамага ылайык Социалдык коргоо департаментин каржылайт, ал андан ары акча каражаттарды “Элдик Банк” ачык акционердик коомуна (мындан ары –“Элдик Банк” ААК) которот. “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун алуучулардын эсептерине каражаттар жарандар менен эсептешүүнүн мамлекеттик бирдиктүү автоматташтырылган тутуму аркылуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-сентябрындагы № 261 “Мамлекеттин жарандар менен өз ара эсептешүүлөрүнүн бирдиктүү автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жөнүндө” жарлыгына ылайык жарандар менен эсептешүүнүн мамлекеттик бирдиктүү автоматташтырылган тутумун иштеп чыгуучу “Элдик Банк” ААКсы аркылуу бөлүштүрүлөт.
“Элдик Банк” ААК социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алынган реестрдин негизинде каражаттарды үч жумушчу күндүн ичинде “Элдик Банк” ААКда ачылган “Бала ырысы” жөлөкпулун алуучулардын эсептерине жана “Бала ырысы” жөлөкпулун алуучулардын эсептери ачылган банк мекемелерине, алар каражаттарды андан ары алуучулардын эсептерине бөлүштүрүү үчүн которот.
14. Жобонун 30-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
1) “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулунун өлчөмүн кайра эсептөө СКБСка жаңыртылган маалыматтар киргизилгенден кийин төмөнкү учурларда автоматтык түрдө жүргүзүлөт:
– белгиленген тартипте жөлөкпулдун жаңы өлчөмү аныкталганда;
– эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн коэффициенти белгиленгенде (алып салынганда) же анын өлчөмү өзгөргөндө, анын ичинде мамлекеттик жөлөкпулду алуучу эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн коэффициенти белгиленген калктуу конуштан мындай коэффициент белгиленбеген/башка өлчөмдө белгиленген калктуу конушка көчүп барганда жана тескерисинче.
2) Эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен башка дата белгиленбесе, “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулунун жаңы өлчөмдө дайындоо өзгөрүүлөр орун алган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып жүзөгө ашырылат.
4. Мониторинг жана жоопкерчилик
15. “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоо жөнүндө арыздарды талаптагыдай кароого, дайындоого жана төлөөгө мониторинг жүргүзүү жана контролдоо тартиби.
1) Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик жөлөкпулдар, стратегиялык пландаштыруу жана анализдөө чөйрөсүндөгү түзүмдүк бөлүмдөр, Социалдык коргоо департаменти СКБСте “Бала ырысы” жөлөкпулун алуучулары тууралуу маалыматтарга, “Бала ырысы” модулунун Колдонуучунун колдонмосуна ылайык, күн сайын жетүүгө мүмкүнчүлүккө ээ;
2) Социалдык коргоо департаменти социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген отчеттук формага ылайык, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирбестен, ай сайын жалпыланган маалыматты берет;
3) Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөр “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун алуучу жана бала жөнүндө маалыматтарды ЕССО маалыматтык тутумуна киргизет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймагындагы калкты жана үй чарбаларын кварталдык каттоонун жыйынтыгы, ошондой эле “Санарип аймак” СТТдагы “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун алуучунун жана баланын жашаган (турган) жери бөлүгүндө, анын ичинде анын ичинде бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда, ошондой эле өзгөчө статусу бар айрым чек ара чектеш аймактарындагы калктуу конуштарда, анык жана актуалдуу санариптик жазуулардын негизинде “Түндүк” СӨТ аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана КТБга (зарыл болгон учурда электрондук документ жүгүртүү системасы (мындан ары – ЭДЖС) аркылуу) “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун алуучу менен баланын чогуу жашоосун ырастоо боюнча суроо-талаптарды жөнөтөт.
4) “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулуна берилген арыздарды тийиштүү түрдө кароо, дайындоо жана төлөө боюнча баа берүү жана талдоо жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 25-күнүнөн кечиктирбестен СКБСтеги аналитикалык санариптик модулу аркылуу жүргүзүлөт.
16. Жобонун 34-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
1) Төрөлгөндөн үч жашка чейинки балдары бар турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө мониторинг жүргүзүү социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык, зарыл болгон учурда, бирок бирок кеминде үч айда бир жолу турмуштук оор кырдаалда турган балдар жөнүндө маалыматтарды эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен жүргүзүлөт.
17. Жобонун 35-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
1) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте квартал сайын ар бир отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймагындагы калкты жана үй чарбаларын талаптагыдай эсепке алуунун жүргүзүлүшүнө, ошондой эле “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасындагы “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун алуучулардын жашаган жана турган жери боюнча санариптик жазуулардын аныктыгына жана актуалдуулугуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык, анын ичинде бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда, ошондой эле өзгөчө статусу бар айрым чек ара чектеш аймактарындагы калктуу конуштарды камтуу менен мониторинг жүргүзүлөт.
18. Жобонун 36-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
1) Арыз ээси “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулунун туура эмес дайындоого алып келген анык эмес маалыматтарды берүү фактысын аныктоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун алуучунун жана баланын жашаган (турган) жери боюнча, анын ичинде бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда, ошондой эле өзгөчө статусу бар айрым чек ара чектеш аймактарындагы калктуу конуштарда жашагандыгы боюнча маалыматтарды тактоо максатында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарындагы калкты жана үй чарбаларын тийиштүү түрдө каттоонун алкагында жүргүзүлгөн кайчылаш текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталат.
Эгерде арыз ээси тарабынан берилген маалыматтар жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда кайчылаш текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган маалыматтарга дал келбесе, анда 5-тиркемеге ылайык акт түзүлөт, ал социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө берилет, андан кийин “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулдун төлөмү токтотулат же кайра эсептөө жүргүзүлөт.
19. Жобонун 37-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
1) “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун алуучулары ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 6.5-пунктуна ылайык “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун төлөөнү токтотууга же анын өлчөмүн кайра эсептөөгө алып келүүчү жагдайлар тууралуу социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө билдирүүгө милдеттүү.
2) “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун төлөө токтотулган учурда, тастыкталган ашыкча төлөнгөн сумма, жөлөкпулдун мыйзамсыз дайындалышына же төлөнүшүнө алып келген жагдайлар аныкталган учурдан тартып алты айдын ичинде үй-бүлө/жеке жак тарабынан ыктыярдуу түрдө кайтарылып берилет, ал эми баш тартылган учурда мамлекеттик каражаттар сот тартибинде өндүрүлөт.
|
| “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобонун Усулдук көрсөтмөлөргө 1-тиркеме
|
_______________________________________ЭСКМБ начальнигине
Арыз № _______________20______ж. «_____»________________
“Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоого
Мен “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоону өтүнөм жана баланын Жеке идентификациялык номерин (ПИН) сунуштайм. Мен арызда көрсөтүлгөн бардык маалыматтар толук жана анык экендигин билдирем. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык өзүмдүн жана баланын жеке маалыматтарды иштеп чыгууга өз макулдугумду берем. “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун төлөөнү токтотууга же кайра эсептөөгө негиз болгон жагдайлар келип чыккан учурда, бул тууралуу 5 күндүн ичинде социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу аймактык бөлүмгө билдирүүгө милдеттенем.
Эгерде “Түндүк” санариптик өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу “Даректик-маалымда бюросу” санариптик технологиялык тутумунда арыз ээсинин жана баланын иш жүзүндө жашаган (турган) жери боюнча маалыматтар бар болсо, анда мен бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын аймактар, ошондой эле өзгөчө макамга ээ болгон айрым чек ара аймактары үчүн белгиленген райондук коэффициенттерди эске албастан, ай сайын 1200 (бир миң эки жүз) сом өлчөмүндө “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоого жана алууга макулмун.
Эгерде “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын аймактар, ошондой эле өзгөчө макамга ээ болгон айрым чек ара аймактары үчүн белгиленген райондук коэффициенттерди эске алуу менен дайындоо зарыл болсо, мен айыл өкмөтүнө/ муниципалдык аймактык башкармалыкка арыз ээсинин жана үч жашка чейинки баланын “Санарип аймак” санариптик технологиялык тутумунда иш жүзүндө чогуу жашаган (турган) жерин каттоо боюнча арыз менен кайрылууга милдеттүү экенимдиги тууралуу маалымдалдым. Мында, арыз ээсинин жана үч жашка чейинки баланын каттоо дареги дал келиши керек.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 421 токтому менен бекитилген “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобонун 37-пунктуна ылайык, жөлөкпул мыйзамсыз дайындалган же төлөнгөнү аныкталган учурдан тартып алты айдын ичинде ашыкча алынган сумманы ыктыярдуу түрдө кайтарып берүүгө милдеттенем, анын ичинде төмөнкү учурларда:
– анык эмес документтер же маалыматтар берилген учурда;
– калкты жана үй чарбаларын эсепке алуунун, ошондой эле жөлөкпул алуучулардын жашаган (турган) жери жөнүндө маалыматтардын аныктыгын жана актуалдуулугун текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча мыйзам бузуулар аныкталган учурда;
– жөлөкпул алуучунун эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча акылардын коэффициенти белгиленген калктуу конуштан мындай коэффициент болбогон же башка өлчөмдө белгиленген калктуу конушка көчүп кеткен учурда.
Мага ыктыярдуу түрдө кайтарып берүүдөн баш тартылган учурда ашыкча төлөнгөн суммалар сот тартибинде өндүрүлө тургандыгы түшүндүрүлдү.
Мен туура эмес маалымат берген учурда, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына же кылмыш мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартыла турганымды билем. Ошондой эле мага “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоо, төлөө жана төлөөнү токтотуу шарттары түшүндүрүлдү.
Арыз кабыл алынганы жөнүндө билдирүүнү алдым.
Арыз берилген күнү: |
| |
Алуучунун макамы: |
| |
Туугандык даражасы: |
| |
Аймактын макамы: |
| |
“Бала ырысы” жөлөкупулун алуучу жөнүндө маалымат: |
| |
– ЖИН: |
| |
– Аты-жөнү: |
| |
– Паспорттун сериясы жана номери: |
| |
– Туулган күнү,айы жана жылы: |
| |
– Ким тарабынан берилген: |
| |
– Качан берилген: |
| |
– Катталган жашаган дареги (шаар/айыл өкмөтү, көчө, үй, батир): |
| |
– Иш жүзүндө жашаган дареги (шаар/айыл өкмөтү, көчө, үй, батир): |
| |
– Банктык эсепти ачуу зарылдыгы жөнүндө маалымат: |
| |
– Эсеп ачылган же ачууга арыз берилген банктын аталышы: |
| |
– Уюлдук телефон номери: |
| |
“Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулу дайындалуучу бала жөнүндө маалымат: |
| |
– ЖИН: |
| |
– Аты-жөнү: |
| |
– Жынысы: |
| |
– Туулган күнү,айы жана жылы: |
| |
– Жашы: |
| |
– Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн №: _________________ |
| |
– Дата выдачи свидетельства: Күбөлүктүн берилген датасы: |
| |
Кайрылман: |
| |
Күбөлүктүн номуру: |
| |
Күбөлүктүн берилген датасы: |
| |
Камкорчулукту же асырап алууну белгилөө жөнүндө соттун чечими тууралуу маалымат: |
| |
– Соттун чечиминин номери: |
| |
– Берилген күнү: |
| |
– Берген орган: |
| |
Убактылуу камкорчулук жөнүндө маалымат: |
| |
Буйруктун номуру : |
| |
Ишеним кат жөнүндө маалымат: |
| |
Берилген күнү: |
| |
Жарактуулук мөөнөтү |
| |
Ишеним кат ким тарабынан берилген: |
| |
Арыз ээсинин колу: |
| |
Арызды кабыл алган ЭСКМБ адиси: |
|
|
(аты-жөнү) | (колу) | |
“Бала ырысы” ар айлык жөлөкпул дайындалганы жөнүндө
Урматтуу ________________________________________________________________ (арыз ээсинин аты-жөнү)
________________________ шаардык, райондук, райондор аралык ЭСКМБ
(аталышы)
Сизге төмөнкү балага
балдарга)________________________________________________________________________________________________________________________
баланын/балдардын аты-жөнү)
ай сайын берилүүчү “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулу _______________ сом өлчөмүндө дайындалганын маалымдайт.
“Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулунун каражаттары Сиздин банктык эсебиңизге которулуп турат.
ЭСКМБ адиси __________________________ “____” ________ 202___ ж. (колу) (аты-жөнү)
Арыз ээсинин колу ____________________ “____” __________ 202___ ж.
“Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоодон баш тартуу жөнүндө
Урматтуу ________________________________________________________________ (арыз ээсинин аты-жөнү)
________________________ шаардык, райондук, райондор аралык ЭСКМБ
(аталышы)
Сиздин “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоо жөнүндө арызыңыз төмөнкү себеп боюнча кабыл алынбаганын билдирет.
________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Арыз тиешелүү журналга катталды.
ЭСКМБ адиси ______________________ “____” ____________ 202___ ж. (колу) (аты-жөнү)
Арыз ээсинин колу ___________________ “____” __________ 202____ ж.
|
| “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөргө 2-тиркеме
|
“Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоого арыздарды каттоо журналы
№ к/н | Аты-жөнү | Арызды кабыл алуу күнү | Арызды каттоо формасы ( “Түндүк” мобилдик тиркемеси же ЭСКММдин аймактык башкармалыгы аркылуу) | Жөлөкпулдардын чегерилген суммасы | |
Балдардын саны (адам) | Сумма (сом) | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобонун Усулдук көрсөтмөлөргө 3-тиркеме |
Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана дайындоодон баш тартуу жөнүндөгү билдирүүлөрдү каттоо ЖУРНАЛЫ
№ | Арыз ээсинин аты-жөнү | Жөлөк пул дайындалды / дайындал ган жок деген белги | Баш тартуунун себеби (жөлөкпул дайындоодон баш тартылган учурда толтурулат) | Арыз ээсине телефон аркылуу маалымдал ган күнү | Арыз ээсине маалым даган адистин колу | Билдирүү жөнө түлгөнү тууралуу белги (*) | Билдирүүнү жөнөткөн адистин колу |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
(*) 7-графада билдирүү жөнөтүлгөн күн көрсөтүлөт жана билдирүү төмөнкү ыкмалардын кайсынысы менен жөнөтүлгөнү белгиленет:
- электрондук почта аркылуу;
- колго тапшырылды;
- почта байланышы аркылуу.
|
| “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобонун Усулдук көрсөтмөлөргө 4-тиркеме |
Мамлекеттик жөлөкпулдар маселелери боюнча кеңештерди каттоо
ЖУРНАЛЫ
№ | Кеңеш алууга кайрылган күн | Арыз ээсинин аты жөнү | Арыз ээсинин иш жүзүндө жашаган дареги | Арыз ээсинин байла-ныш номуру |
| Кеңеш берүүнүн жыйынтыгы | Кеңеш берген адистин аты-жөнү | |
| Арыз кабыл алынды | Документ-терди шайкеш келтирүү үчүн башка мамлекет-тик органдарга жөнөтүлдү | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
| 6 | 7 | 8 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөргө 5-тиркеме |
“Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун алуучунун жана жөлөкпул дайындалган баланын бирге жашагандыгы боюнча мониторинг жүргүзүү актысы
Түзүлгөн күнү “____”___________________________20_____-ж.
Түзүлгөн жери ___________________________________айылы
Биз төмөндө кол коюп, акт түзүүчүлөр : _______________________жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын кызматкерлери: __________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызмат орду) __________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызмат орду) __________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызмат орду) __________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызмат орду) жана______________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызмат орду) __________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызмат орду)
кошунасы (зарыл болгон учурда) _______________________________________________
(аты-жөнү, жашаган дареги ,телефон номери)
болуп төмөнкүлөр боюнча акт түздүк.
“Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун алуучунун __________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, жашаган дареги ,телефон номери)
“Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулу дайындалган баланын __________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, туулган күну,айы, жылы, жашаган дареги) “
“Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасындагы дареги: ________________________айылы,____________________көчөсү_______________үй №______ __________________________________________________________________________________ __________________________________________________________________________________
Мониторинг жүргүзүү максатында барган учурда төмөнкүдөй жагдайлар аныкталды:
1. ☐туруктуу жашагандыгы
2. ☐жашабагандыгы
3. ☐үйүндө жок экендиги
4. ☐ооруканада экендиги
5. ☐бала менен чогу жашагандыгы
Комиссиянын корутундусу:
1. ☐туруктуу жашайт 2. ☐жашабайт 3. ☐жашаганы күмөндүү
4. ☐ бала менен чогу жашайт 5. ☐ бала менен чогу жашаганы күмөндүү
Кошумча маалыматтар: __________________________________________________________________________________ __________________________________________________________________________________ __________________________________________________________________________________ Туруктуу жашабагандыгын тастыктаган жагдайлар:
__________________________________________________________________________________ __________________________________________________________________________________ __________________________________________________________________________________ __________________________________________________________________________________ Жогорудагылардын негизинде,_____________________________________________________
( аты - жөнү )
20____ -жылдын ___________________айынан баштап негизсиз төлөнгөн “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулунун акча каражатын _____________________________________________сом өлчөмүндө 20_____-жылдын ___________________ чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке өндүрүлүүгө тийиш.
“Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун алуучуга жөлөкпулду мыйзамсыз дайындоого же төлөөгө алып келген жагдайлар аныкталган күндөн тартып алты айдын ичинде ар айлык жөлөкпулдун ашыкча алынган суммасын ыктыярдуу түрдө кайтарып берүү милдеттүү экендиги жөнүндө түшүндүрүлдү, анын ичинде төмөнкүдөй учурларда:
– анык эмес документтер же маалыматтар берилген учурда;
– калкты жана үй чарбаларын эсепке алуунун, ошондой эле жөлөкпул алуучулардын жашаган (турган) жери жөнүндө маалыматтардын аныктыгын жана актуалдуулугун текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча мыйзам бузуулар аныкталган учурда;
– жөлөкпул алуучунун эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча акылардын коэффициенти белгиленген калктуу конуштан мындай коэффициент болбогон же башка өлчөмдө белгиленген калктуу конушка көчүп кеткен учурда.
“Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун алуучунун колу_________________________________
Акт түзүп кол койгондор:
__________________________________________________________________ _______________
(аты-жөнү, кызмат орду) (колу)
__________________________________________________________________ _______________
(аты-жөнү, кызмат орду) (колу)
_________________________________________________________________ ________________
(аты-жөнү, кызмат орду) (колу) _________________________________________________________________ ________________
(аты-жөнү, кызмат орду) (колу) _________________________________________________________________ ________________
(аты-жөнү, кызмат орду) (колу)