Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-июлу № 14
Ак-Башат айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-июнундагы № 8 “ Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин Уставын жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө”токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесинин негизинде, Ак-Башат айылдык кеңеш токтом кылат :
1.Ак-Башат айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-июнундагы № 8 “Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин Уставын жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө ”токтомуна төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
-мамлекеттик тилде :“ Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси;
- расмий тилде: Учреждение « Айыл окмоту Ак-Башатского айылного аймака Жайылского района Чуйской области».
Айыл өкмөтүнүн кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде : “ Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтү” М-е;
- расмий тилде : У-е « Ак-Башатский айыл окмоту Жайылского района ».
-Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мекемесинин төмөнкүдөй юридикалык дареги аныкталсын:
Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Жайыл району, Новониколаевка айылы, Школьный көчөсү 42 б.
2. Бул токтомдун аткарылышы Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б.Азаматовго ( Жеке номуру: 22007198900568) жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| И.С.Рыскулов |