Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 8-октябры № 343
Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоонун укуктук кепилдиктерин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө
Экономиканы туруктуу өнүктүрүүнүн, ишкердик иш үчүн жагымдуу климатты түзүүнүн, инвестициялык чөйрөнү жакшыртуунун, өндүрүштү жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн кеңейтүүнүн негизги шарттарынын бири болуп заманбап талаптарга жооп берген салык системасы саналат.
Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоонун укуктук кепилдиктерин өркүндөтүү, салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө негизсиз кылмыш-жаза куугунтуктоону болтурбоо, салык милдеттенмелерин аткаруудан качуунун укукка каршы схемаларын уюштурган, контролдогон жана пайдаланган адамдарды аныктоого жана жоопкерчиликке тартууга мамлекеттин күч-аракетин багыттоо, мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыктарынын, ишкердик субъекттердин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын ортосунда калыс балансты камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын салык системасын модернизациялоонун кыйла маанилүү багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелсин: ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоонун укуктук кепилдиктерин өркүндөтүү; салык төлөөчүлөрдүн салык төлөө боюнча конституциялык милдеттеринин ыктыярдуу аткарылышын камсыз кылууга багытталган укуктук маданиятын жогорулатуу; салыктык администрациялоону санариптештирүү жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу; жол-жоболорду сактоо, адилеттүүлүк жана салык төлөөчүнүн укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын урматтоо бөлүгүндө салык органынын аракеттер эрежелеринин жыйындысын камтыган «ак ниет салыктык администрациялоо» принцибин киргизүү; салык жүгүн ырааттуу азайтуу жана ишкердикти андан ары өнүктүрүү жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу салыктык климатты түзүү.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө салык мыйзамдарын жана салыктык администрациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча төмөнкүлөрдү караган зарыл болгон чараларды көрсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматына ак ниет эмес ишкердик субъекттер, анын ичинде кылмыш-жаза жоопкерчилиги башталган босогодон ашкан, белгиленген тартипте таанылган салыктык карызы бар, ошондой эле жалган электрондук эсеп-фактураларды тариздөө, жеке ишкерлерди жана юридикалык жактарды жалган жеке жактардын атына тариздөө менен ишти жүзөгө ашыргандар киргизилүүчү Ак ниет эмес салык төлөөчүлөр реестрин жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарды берүүнү;
2) Ак ниет эмес салык төлөөчүлөр реестрине киргизүү үчүн негиз болуп саналган салык салуу чөйрөсүндөгү жосундарды жасагандыгы, анын ичинде ишкердик субъекттерди каттоодо (кайра каттоодо) жалган жактарды пайдалануу жана жалган электрондук эсеп-фактураларды тариздөө үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин белгилөөнү;
3) салык төлөөчүлөрдүн ишин иш жүзүндө башкарууну жүзөгө ашырган адамдарды (иш жүзүндөгү бенефициарларды), ошондой эле ишеним каттардын негизинде юридикалык жактардын атынан ишти жүзөгө ашырган адамдарды жоопкерчиликке тартуунун укуктук механизмдерин бекитүүнү;
4) Ак ниет эмес салык төлөөчүлөр реестринде турган мезгилде юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди мамлекеттик каттоого/кайра каттоого жол бербөөгө багытталган укуктук механизмдерди бекитүүнү;
5) юридикалык жактардын уюмдаштыруучулары (катышуучулары) же жеке ишкерлер катары өзүнүн атынан каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүгө тыюу салууну жарандар тарабынан ыктыярдуу белгилөөнү караган «өзүнө-өзү тыюу салуунун» укуктук механизмин киргизүүнү;
6) ишеним катты жана квалификацияланган санариптик кол тамганы өткөрүп берген адамдын жана аларды пайдаланган адамдын жоопкерчилигин бекитүү менен ишкердик ишти жүзөгө ашырууда ишеним каттарды жана квалификацияланган санариптик кол тамганы пайдалануу тартибин өркүндөтүүнү.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
1) салык маселелери боюнча ыкчам-иликтөө ишин жүзөгө ашыруу түрүндө ишкердик субъекттердин финансы-чарбалык ишине укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кийлигишүү фактыларына жол бербөө жана бөгөт коюу боюнча туруктуу көзөмөл жүргүзүп турсун;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте Ак ниет эмес салык төлөөчүлөр реестрине киргизилген ар бир ишкердик субъект боюнча козголгон кылмыш-жаза иштери, аларды тергөөнүн жүрүшү жана Ак ниет эмес салык төлөөчүлөр реестрин түзүүдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жана мөөнөттө кабыл алынган процессуалдык чечимдер бөлүгүндө квартал сайын ведомстволор аралык салыштырып текшерүүнү жүргүзүп турсун;