Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 17-июлу № 13
Жер участокторун бир категориядан башка категорияга которуу(трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 -токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” жобону жетекчиликке алуу менен жана Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 6-июлундагы № 01-10/ 402 катын карап жана талкуулап , Ак-Башат айыл аймагында инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү максатында, Ак-Башат айылдык кеңеш токтом кылат :
1. Ак-Башат айыл аймагынын аймагында жайгашкан №1006- контурдан, аянты -0,40 га, № 1007-контурдан, аянты -0,40 га; № 1091-контурдан, аянты -2,00 га, жалпы аянты 2,80 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жер” жерди пайдалануу түрү “ курулмалар” категориясына кирген жана 7-03-03-0023-0097 идентификациялык кодуна ээ болгон жеке менчиктеги жер тилкесин, “ Айыл чарба багытындагы жер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоону жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом Жайыл райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б.Азаматовго жүктөлсүн.
Төрага |
| Рыскулов И.С. |