Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-июну № 574-VIII
«Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун
биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары А.Н. Абдибаева, Б.А. Эргешов, Ж.Ж. Аматов, У.Т. Кыдыралиев, М.Э. Мавлянова, Т.А. Ашымбаева, Б.А. Калпаев, Д.Д. Нышанов, Г.О. Акимбаева, А.А. Джалилов, К.Л. Ханджеза, Б. Чолпонбай уулу, Э.А. Сейтказиева тарабынан демилгеленген «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери жогоруда аталган мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жана бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети жогоруда аталган мыйзам долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары Б.А. Ибрагимов