Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XVI СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 10-сентябры № 16/3
Кум-Дөбө айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясалары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин жана Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын өкүлдөрүнүн, коомдук уюмдардын, жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын чогулуштарынын Кум-Дөбө айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча келип түшкөн протоколдорун карап чыгып жана талкуулап, Кум-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагындагы №4141, №4142 участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөткөн жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын протоколдору бекитилсин.
2. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына участкалык шайлоо комиссиялардын курамына жана резервине төмөндөгү тизмеге ылайык талапкерлердин тиешелүү документтери сунушталсын:
№ | УШК | А.А.А. |
№4141 Кара-Тоо шайлоо участогуна | Токтогазиева Назгүл Идирисовна | |
№4142 Арсы шайлоо участогуна | Нукуева Гүлнура Шайдиновна, | |
Тентиева Индира Советбековна | ||
Исланбек кызы Майрам |
3. Сунушталган участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди бекитип берүү жагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент, депутаттык этика, мандат, укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Ыбышов |