Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 8-октябры № 344
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын ишинин маселелери боюнча айрым жарлыктарына
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-августундагы № 348 «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө жободо:
- 20-пунктта «инспекторлору» деген сөз «мамлекеттик инспекторлору» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлыктын 2-тиркемесинде:
- 9-пункттун бешинчи абзацында «Инспектор» деген сөз «Мамлекетттик инспектор» деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 9-октябрындагы № 76 (3836) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |