КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XVI СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 10-сентябры № 16/4
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы айылына жаңы курулган каналдын бир тарабын тосуу жөнүндө
КыргызРеспубликасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Дур уулу Улукбектин Өнүктүрүү фондунун эсебинен курула турган долбоорлорго өздүк салым каражатын бөлүп берүү сунушун угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы айылына жаңы курулган латоктун бир тарабын тосуу үчүн өздүк салым катары 355 476 (үч жүз элүү беш миң торт жүз жетимиш алты )сом Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Өздүк салым үчүн акча каражатын которуп берүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Дур уулу Улукбеке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин бюджет, экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.