КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XVI СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 10-сентябры № 16/5
Өнүктүрүү фондунун эсебинен компьютер жана принтер алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловдун Өнүктүрүү фондунун эсебинен 9 даана комплект компьютер принтерге өздүк салым каражатын бөлүп берүү сунушун угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине 9 даана компьютердик комплект жана принтер сатып алуу үчүн өздүк салым катары 153 779 (жүз элүү үч миң жети жүз жетимиш тогуз) сом Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Өздүк салым үчүн акча каражатын которуп берүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Дур уулу Улукбеке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин бюджет, экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.