Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-сентябры № 72/XXII -2
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот
департаментине Кайыңды шаары, Гагарин көчөсү, № 1/2 дарегинде
жайгашкан кошумча жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 23-беренесинин 1-пунктунун жана 30-беренесинин 2-пунктунун негизинде, Кайыңды шаарынын мэриясынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине жаңы административдик имаратына чектеш Кайыңды шаары, Гагарин көчөсү, № 1/2 дарегинен аянты 300,0 чарчы метр кошумча жер тилкесин берүү жөнүндө» катын карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Кайыңды шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган, Кайыңды шаары, Гагарин көчөсү, № 1/2 дарегинде жайгашкан, аянты 300,0 чарчы метр жаңы административдик имаратына чектеш кошумча жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2.Кайыңды шаарынын мэриясына аталган жер тилкеси 3 жылдын ичинде максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда, бул жер тилкесин Кайыңды шаарынын мэриясынын балансына кайтаруу көрсөтүлсүн.
3. Ушул токтом катталсын жана Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кайыңды шаардык кеңешинин агрардык, жер жана турак-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
2026-жылдын 6-октябрында https://kainda-gk.kg/ky/2026/10/06/toktom-%e2%84%96-72-xxii-2-kyrgyz-respublikasynyn-zhogorku-sotuna-karashtuu-sot-departamentine-kajy%d2%a3dy-shaary-gagarin-k%d3%a9ch%d3%a9s%d2%af-%e2%84%96-1-2-dareginde-zhajgashkan-koshumcha-zher-t/ расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Ж. Н. Капалов |