Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 7-апрели № 256-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы № 10 "Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20, 23-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 126-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- идентификациялык № 5-11-02-0069-0089, Ош шаары, Э.Алиев көчөсү, 100, аянты 1,3 га";
- жогоруда аталган тескеменин тиркемесинде:
төмөнкүдөй мазмундагы 54-пункт менен толукталсын:
"
54 | 5110200690089 | Ош шаары, Э.Алиев көчөсү, 100 | КМ | 13000 |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |