Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 8-сентябры № 766-т
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жер тилкелерин оптималдаштыруу, тартипке келтирүү, ошондой эле максаттуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 64 жана Чуйков көчөсү, 149 даректери боюнча жайгашкан жер тилкелерин (идентификациялык коддору: 1020200240019, 1011300130910, 1011300130911) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине өткөрүп берүү сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 126-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында турак жай куруу үчүн бөлүнгөн жер участокторунун тизмегинде:
- 2, 9 жана 15-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |