Редакцияот 08.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 8-сентябры № 603

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2021-жылдын 4-октябрындагы № 196 «Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө адистештирилген товарларды өндүрүү боюнча ата мекендик ишканаларга колдоо көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-октябрындагы № 196 «Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын тизмегинде:

– «Чакан гидроэлектр станциясы (ЧГЭС)» бөлүмүнүн онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев