Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 15-сентябры № 328
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-майындагы № 149
«Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча
кеңеши жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
«Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-майындагы № 149 «Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |
"Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин КУРАМЫ
Кудайбергенов Бактыбек Жапарович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы; |
Масабиров Талайбек Айтмаматович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Козубеков Азат Айбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары; |
Сейитов Чоро Сейитович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары; |
Адилбек уулу Шумкарбек | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору; |
Кыштобаева Гульмира Алимбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Чыныбаев Мирлан Койчубекович | - | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору; |
Солтонбекова Ализа Карыпбековна | - | Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасынын орун басары; |
Кудабаев Зарылбек Исалыевич | - | Борбордук Азиядагы Америка университетинин профессору (макулдашуу боюнча); |
Третьякова Татьяна Алексеевна | - | Кыргызстандын Улуттук мониторинг жана баалоо тармагынын координатору (макулдашуу боюнча); |
Добрецова Надежда Николаевна | - | "Өнүктүрүү саясат институту" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Ким Татьяна Михайловна | - | "Кыргыз Республикасынын салык кеңешчилеринин палатасы" кесиптик коомдук бирикмеси" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Сыдыков Аскар Куттубекович | - | "Эл аралык ишкердик кеңеши" ассоциациясы юридикалык жактардын бирикмесинин ("International business council") аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Кочорбаева Зульфия Ирисовна | - | "Социалдык технологиялар агенттиги" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Сагинбаева Алина Уларбековна | - | "АКИпресс" маалымат агенттигинин башкы директору (макулдашуу боюнча).". |