Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 7-июлу № 109
«Бачечекей» Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин балдардын тамактануусу үчүн ата-энелердин төлөмүнүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 17, 34, 39-беренелерине ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси «Байчечекей» балдарды толук кандуу тамак-аш менен камсыз кылуу максатында, азык-түлүккө болгон баалардын жогорулашына байланыштуу, тарбиялануучулардын ата-энелеринин кайрылуусунун жана 2026-жылдынын 02-февралындагы №1 протоколунун негизинде, Фрунзе айылдык кеңешинин токтом кылат:
1.«Байчечекей» мектепке чейинки билим берүү мекемесинде балдардын тамактануусу үчүн ата-энелердин төлөмүнүн өлчөмү бир балага күнүнө 100 (жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.« Байчечекей » мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчиси түшкөн каражаттарды бекитилген тамак-аш нормаларына ылайык максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3.Айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Бектурганова Д.Т. каражаттардын туура эсептелишине жана сарпталышына көзөмөл жүргүзүүнү камсыз кылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Дюшалиев М.К. |