Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 7-июлу № 108
“Бөбөкжан” мектепке чейинки билим берүү уюму Мекемесин мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө 2025-жылдын 15-майындагы №257 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2025-жылдын 19-июнундагы №693/1 буйругуна, Фрунзе айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 2026-жылдын 07-июлундагы №108 токтомуна ылайык, Фрунзе айылдык кенеши токтом кылат:
1. “Бөбөкжан” мектепке чейинки билим берүү уюму» мекемесинин уставы типтүү жобого ылайык түзүлүп, мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
2. Мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин толук аталышы төмөнкүдөй белгиленсин:
- мамлекеттик тилде: “Бөбөкжан” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси
- расмий тилде: Учреждение дошкольного образовательного учреждения “Бобокжан”
3. Мекеменин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Бөбөкжан” МЧББУ мекемеси
- расмий тилде: Учреждение ДОО “Бөбөкжан”
4. “Бөбөкжан” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин уставы жаңы редакцияда бекитилсин.
5. Жайгашкан жери, юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Панфилов району, Фрунзе айыл аймагы, Чалдовар айылы, Ташкентский 1.
6. “Бөбөкжан” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин директору Абдрахманова Гулира Бейшенбековнага (СТИН 12211198701727) Уставды Кыргыз Республикасынын Юстиция органдарында бекитилген тартипте кайра каттоодон өткөрүү милдети жүктөлсүн.
Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө токтомунда андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашыкеевге жүктөлсүн.
Төрага |
| М.К.Дюшалиев |