Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 7-июлу № 107
Жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Автомобиль транспорту жөнүндө» Мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна ылайык, ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдардын, автоунаалардын запастык бөлүктөрүнүн жана автоунааларды оңдоо кызматтарынын бааларынын кескин жогорулашына байланыштуу, коомдук транспортто жол киренин наркын жогорулатуу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. 2026-жылдын 24-июлунан тартып төмөнкү каттамдар боюнча кичи автобустарда жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жол кире тарифи бекитилсин:
Чалдовар – Бишкек — 140 сом;
Чалдовар – Кара-Балта — 60 сом;
Чалдовар – Поворот — 35 сом;
Чалдовар – Чолок-Арык — 30 сом;
Чалдовар – Салкын — 25 сом;
Чалдовар айылынын ичинде — 20 сом;
мектеп окуучулары үчүн Чалдовар айылынын ичинде — 10 сом.
2. Ушул токтом мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т. Ашыкеевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Дюшалиев М.К. |