Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 7-июлу № 106
2026-жылдын I -жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Фрунзе айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү жөнүндө
Фрунзе айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Д. Бектурганованын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында жер казынасын пайдаланууга берилген лицензиялар боюнча пландан ашыкча 978,1 миң сом киреше түшкөндүгү, ошондой эле китепкана кызматкерлеринин 2026-жылдын 3 айлык эмгек акысын төлөөгө республикалык бюджеттен 115,5 миң сом өлчөмүндө максаттуу трансферт келип түшкөндүгү тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы төмөнкүлөрдү токтом кылат:
1. Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 978,1 миң сомго көбөйтүлсүн. Каражаттар «Балдар бакчасы» бөлүмүнө, 4403011251006055 өздүк эсебине төмөнкүдөй бөлүштүрүлсүн:
2222-берене – 400,0 миң сом;
2221-берене – 578,1 миң сом.
2. Китепкана кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулашына байланыштуу бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 115,5 миң сомго көбөйтүлсүн. Каражаттар «Китепкана» бөлүмүнүн 4403081251003833 өздүк эсеби боюнча төмөнкүдөй каралсын:
2111-берене «Эмгек акы» – 103,0 миң сом;
2121-берене «Социалдык фондго чегерүүлөр» – 12,5 миң сом.
3. Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча отчету кабыл алынсын жана канааттандырарлык деп табылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Ашыкеев жана Фрунзе айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Д.Т. Бектургановага жүктөлсүн.
Төрага |
| Дюшалиев М.К. |