Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 7-июлу № 105
1га “Айыл чарба багытындагы жерлер” (жайыт жер) категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы” түрүнө которуга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Фрунзе айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Ашимов Б.Дж. Кыргызбаев Хамиджан Абдымомуновдун арызы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Электр кубаттоо станциясы, дараткана куруу, трансформатор кою максатында, Ош-Бишкек 146-147 км жолу № 101 контурундагы жалпысы 1 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” (жайыт) категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысына жер тилкесин мыйзамда белгиленген тартипте которуу (трансформациялоо) маселеси боюнча Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын алдында өтүнүч кат берүү тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырам.
Төрага |
| Дюшалиев М.К. |