Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-майы № 102
Жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Жер маселелери боюнча жетектөөчү адис Б. Ашимовдун маалыматын угуп, Сырдыбаев Н.К. өкүлдүк кылган «Нива» айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин арызын, ошондой эле Панфилов райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2024-жылдын 7-мартындагы №67 шаар куруу корутундусун карап чыгып, Фрунзе айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чалдовар айылы, С.М. Яковенко (Широкий) көчөсү, №3 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 2000,0 м2 болгон жер тилкесинин максаттуу багытын социалдык багыттагы жерден турак жай куруу үчүн жер категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т. Ашыкеевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Дюшалиев М.К. |