Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-майы № 101
Жер үлүшүнүн документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы №150 “Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесине ылайык жана жерлерди инвентаризациялоо актысынын негизинде, Фрунзе айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сарыбаева Акпарым Тагайбековнанын картографиялык материалдарга ылайык №413 контурда жайгашкан, жалпы аянты 4,5 га болгон кайрак үлүш жерин сугат айдоо жерлер фондунан тариздөөгө макулдук берилсин. Аталган жер тилкеси айыл чарба багытындагы жерлер категориясына кирет жана жердин түрү сугат айдоо жери болуп эсептелет.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомду Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Панфилов райондук филиалына жеткирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага |
| Дюшалиев М.К. |