Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-майы № 99
13га “Жайыт жер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы” түрүнө которуга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34, 39-беренелерин негизинде, Назаров Талайбек Ишеновичтин арызын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Тоок фабрикасын куруу максатында, № 613 контурундагы жалпысы 13 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” (жайыт) категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысына жер тилкесин мыйзамда белгиленген тартипте которуу (трансформациялоо) маселеси боюнча Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын алдында өтүнүч кат берүү тапшырылсын.
3.Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырам.
Төрага |
| Дюшалиев М.К. |