Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-майы № 98
2га “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан“Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы” түрүнө которуга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө» жобонун негизинде, Сманов Урустамбек Мурзабековичтин арызын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Эс алуу жайын уюштуруу максатында, Фрунзе айыл аймагынын Чолок-Арык айылындагы №2 Аспара участогунда жайгашкан, идентификациялык номери 7-07-07-0010-0069 жалпы аянты 2,0 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысына жер тилкесин мыйзамда белгиленген тартипте которуу (трансформациялоо) маселеси боюнча Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын алдында өтүнүч кат берүү тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Дюшалиев М.К. |