Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-сентябры № 3529-VII
"2025-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасында ФАОнун өкүлчүлүгүн уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 20-сентябрындагы чыг. № 18-10143) "2025-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасында ФАОнун өкүлчүлүгүн уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Тургунбек уулу |