Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-апрели № 2953-VII
"Балдардын жашоо-тиричилигинин коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 30-майындагы № 2127-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Балдардын жашоо-тиричилигинин коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 30-майындагы № 2127-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- жашы жете электердин арасында мектеп рэкетчилигин, буллингди, зомбулукту жана башка укукка каршы аракеттерди жана терс көрүнүштөрдү жоюу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу;
- жалпы билим берүүчү уюмдардын тарбия берүү пландарына чыр-чатактарды зомбулуксуз чечүү боюнча иш-чараларды киргизүү;
- жашы жете электердин арасында мектеп рэкетчилигинин, буллингдин, зомбулуктун жана башка укукка каршы аракеттердин жана терс көрүнүштөрдүн алдын алуу (күндөлүктөргө нускамаларды киргизүү, чат-ботторду жайылтуу);
- балдардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында, балдарды тарбиялоодон качкан, коомдо жат социалдык мүнөздө жашаган, өз аракеттери менен балдарды селсаяктыкка жана укукка каршы аракеттерди жасоого түрткөн ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) карата алдын алуу иштерин күчөтүү;
- баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды пайдалануучуларды табууга башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берген жалпы билим берүүчү уюмдарда окуучуларды нарколог-врачтар тарабынан текшерүү системасын иштеп чыгуу;
- мектеп рэкетчилигинин учурлары көбөйгөндүгүнө байланыштуу өспүрүмдөрдү кылмыштуу иш-аракеттерге тарткан чоң адамдарды аныктоо боюнча кошумча иш-чаралардын топтомун жүзөгө ашыруу;
- башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүүчү уюмдардын аймагында жана анын жанында энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салуу;
- жашы жете электердин арасында баңги, алкоголдук жана башка каражаттардын таасири астында жасалган кылмыштуулуктун, кайталанган кылмыштуулуктун жалпы деңгээлин төмөндөтүү;
- балдардын (анын ичинде майыптыгы бар балдардын) биологиялык ата-энелеринен айрылуусуна жол бербөө үчүн үй-бүлөнү жана балдарды колдоо кызматтарынын системасын түзүү;
- эмгек мигранттары болгон ата-энелердин таштап кеткен балдарын эрте аныктоо жана коштоп жүрүү иштерин күчөтүү;
- коомчулуктун деңгээлинде эмгек мигранттарынын балдарына психосоциалдык колдоо көрсөтүү жана катаал мамиле жасалган фактылардын жеткиликтүүлүктү болушун камсыз кылуу;
- жашы жете элек балдарга карата зомбулук аракеттерин болтурбоо боюнча жүргүзүлүп жаткан алдын алуу иштери боюнча чараларды күчөтүү;
- бүткүл республика боюнча пробациялык көзөмөл дайындалган, мыйзам менен келишпестиги бар балдар кайра тарбиялоого багытталган коррекциялык программалардан жана башка тренингдерден өтсө боло турган ювеналдык пробация борборлорун түзүү;
- мыйзам менен келишпестиги бар баланын турмуштук абалына толук жана ар тараптуу баа берүүнүн жана талдоонун колдонулушун камсыз кылуу;
- ата-энелердин балдарды тарбиялоого жигердүү катышуусуна үндөөчү өбөлгөлөрдү жаратуу жана балдарды тарбиялоо менен байланышкан гендердик көндүм адаттарды жоюуга багытталган түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.";
2) 3-пункттагы "2025" деген цифралар "2026" деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.Азыгалиев |