Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-апрели № 2991-VII
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ашимова Динара Ашимовна Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айдаралиев Эрнис Шарабидинович Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
1) 3-пунктчада
- экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Ашимова Динара Ашимовна - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;";
2) 7-пунктчада:
- төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Айдаралиев Эрнис Шарабидинович - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан";".
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.Сыдыгалиев |