Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 18-сентябры № 50
Орозбеков айыл аймагынын административдик чек арасында
жайгашкан Үч-Коргон токой чарбасынын балансындагы жер тилкесин трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып, талкуулап. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, «Охна ГЭС» ЖЧКсынын башкы директору А.Миталиповдун 2026-жылдын 7-июлундагы №049 сандуу кайрылуусуна жана жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусуна негиз, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Орозбеков айыл аймагынан Үч-Коргон токой чарбасынын балансындагы 3.64 га жер аянтынтокой чарба багытындагы жерлер категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жер тилкесин которууга тиешелүү мекеме ишканалардан корутундуларды алып, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Орозбеков айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтом Орозбеков айыл өкмөтүнүн orozbekov.gov.kg расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмө тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага: К.Каримов