Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 18-сентябры № 51
Күлдү айылына таза суу тартуу максатында полиэтилен түтүктөрүн сатып алууга каражат кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кеңеши айылдык кеңешитин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Күлдү айылына таза суу тартуу максатында полиэтилен түтүктөрүн сатып алууга айыл өкмөттүн бюджетиндеги үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен 1, 474 000(бир миллион төрт жүз жетимиш төрт миң) сом бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү акча каражатты бөлүп берүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтом Орозбеков айыл өкмөтүнүн orozbekov.gov.kg расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмө тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага: К.Каримов