Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 18-сентябры № 52
1873-1876-жылдардагы Полотхандын жетекчилигиндеги көтөрүлүштүн аяктаганынын 150 жылдыгына карата өткөрүлүүчү Эл аралык илимий конференцияга каражат кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айыл өкмөтүнүн сунушуна негиз жана айылдык кеңешитин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1.1873-1876-жылдардагы Полотхандын жетекчилигиндеги көтөрүлүштүн аяктаганынын 150 жылдыгына карата өткөрүлүүчү Эл аралык илимий конференцияга айыл өкмөттүн бюджетиндеги үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен 200 000(эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү акча каражатты бөлүп берүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтом Орозбеков айыл өкмөтүнүн orozbekov.gov.kg расмий веб-сайтында жарыялансын
4.Айылдык кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмө тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага: К.Каримов