Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 18-сентябры № 53
“Мамлекеттик лизинг компаниясы" ачык акционердик коому аркылуу лизинг жолу менен атайын техника сатып алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27, 34 жана 39-беренелерине ылайык, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Финансылык ижара (лизинг) келишиминин негизинде «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коому аркылуу жалпы баасы 8 550 000 (сегиз миллион беш жүз элүү миң) сом, жылдык 11 (он бир) пайыздык үстөк менен 5 (беш) жылдык мөөнөткө төмөнкү атайын техниканы сатып алууга макулдук берилсин:
Автогрейдер
2. Лизингдин жалпы наркынын 10 пайызына, ошондой эле бажылык жол-жоболоштурууга кеткен чыгымдарга жана техниканы 5 жылдык мөөнөткө ОСАГО жана КАСКО камсыздандыруусуна байланыштуу чыгымдарга жалпы 2 000 000 (эки миллион) сом өлчөмүндөгү өздүк салымды Кадамжай өнүктүрүү фондунан суралсын.
3. Лизинг боюнча төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетинен төмөнкү өлчөмдөрдө төлөө каралсын:
2027-жылга – 2 277 763 сом;
2028-жылга – 2 110 354 сом;
2029-жылга – 1 941 064 сом;
2030-жылга – 1 771 774 сом;
2031-жылга – 1 218 674 сом.
4. «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана ага байланыштуу башка документтерге кол коюу укугу Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысына берилсин.
5. Ушул токтом Орозбеков айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына – orozbekov.gov.kg дарегине жарыялансын.
6. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду белгиленген тартипте каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсүн тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтсүн.
7. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияга жана Орозбеков айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага: К.Каримов