Загрузка документа…
ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 28-сентябры №73
Исхак-Полотхан айыл аймагындагы муниципалдык базардын көрсөткөн кызматтары үчүн тарифтерди (жыйымдарды) бекитүү жөнүндө
Кыргыз республикасынын 2002-жылдын 15-марты №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-статьяына, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39-беренелерин жетекчиликке алып,айылдык кеңештин бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Исхак-Полотхан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жаңы бекитилген тарифтер боюнча базардын соодагерлери жана жергиликтүү калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылсын;
2. Топтолгон каражаттардын максаттуу жумшалышын жана базардын аймагындагы тартипти, санитардык абалды камсыз кылуу милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Г. Матажиев
Исхак-Полотхан айылдыккеңешинин
2026-жыл 28-сентябрь №73
токтомуна №1- тиркеме
Муниципалдык базардын көрсөткөн кызматтары жана соода орундары үчүн тарифтердин (жыйымдардын) прейскуранты
№ | Кызмат көрсөтүүнүн, соода ордунун жана автоунаанын түрлөрү | Өлчөм бирдиги | Бекитилген тариф (сом менен) | ||
| Автоунаалар үчүн токтотуучу жай (стоянка) жана кирүү акысы:
| ||||
1. | Батыш тараптан кирген жеңил автоунаалар үчүн | 1 унаага (бир жолку) | 20 сом | ||
2. | Чыгыш тараптан кирген жеңил автоунаалар үчүн | 1 унаага (бир жолку) | 20 сом | ||
3. | Батыш тараптан кирген оор жүк ташуучу автоунаалар үчүн | 1 унаага (бир жолку) | 50 сом | ||
4. | Чыгыш тараптан кирген оор жүк ташуучу автоунаалар үчүн | 1 унаага (бир жолку) | 50 сом | ||
| Жайма базар жана жашылча-мөмө жемиш соодасы:
| ||||
1. | Жайма базардын аймагындагы соода орду | 1 кв. метр үчүн (күнүнө) | 50 сом | ||
2. | Жашылча-мөмө жемиш сатуучулар үчүн соода орду | 1 кв. метр үчүн (күнүнө) | 50 сом | ||
| Ашкана,өрүк жана коон-дарбыз сатуу тарифи:
| ||||
1. | Өрүк базарында өрүк сатуу акысы | 1 килограмм үчүн | 1 сом | ||
2. | Коон-дарбыз саткан «Портер» тибиндеги жеңил жүк ташуучу унаалар үчүн | 1 унаага (күнүнө) | 200 сом | ||
3. | Коон-дарбыз саткан оор жүк ташуучу автоунаалар үчүн | 1 унаага (күнүнө) | 300 сом | ||
4. | Базардын аймагында иш жүргүзгөн бир ашкана үчүн | 1 күнүнө | 1000 сом | ||
|
|
|
|
|
|
Жооптуу катчы: А. Арапова