Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-марты № 301-VIII
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Ынтымак - Мекенчил" депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Рустамбек уулу Советбек Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин мүчөлүгүнөн чыгарылсын жана Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. "Ынтымак - Мекенчил" депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин мүчөлүгүнөн чыгарылсын жана Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
3. "Ынтымак - Мекенчил" депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мамытов Талант Турдумаматович Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
4. "Ынтымак - Мекенчил" депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алтынбеков Айбек Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
5. "Ынтымак - Мекенчил" депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Карабекова Айгүл Асановна Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
6. "Ынтымак - Мекенчил" депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нышанов Джайлообай Данибаевич Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
7. "Ынтымак - Мекенчил" депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ханджеза Карим Лемзарович Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
8. "Элдик" депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдуллаев Азизбек Ашимжанович Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
9. "Эл үмүтү - Ата Журт" депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сарыбашов Таалайбек Насирбекович Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
10. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
а) 1-пунктчада:
- төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"Мамытов Талант Турдумаматович - "Ынтымак - Мекенчил" депутаттык тобунан;";
- он үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын;
"Ханджеза Карим Лемзарович - "Ынтымак - Мекенчил" депутаттык тобунан;";
в) 4-пунктчада:
- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна - "Ынтымак - Мекенчил" депутаттык тобунан;";
- сегизинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 5-пунктчада:
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Абдуллаев Азизбек Ашимжанович - "Элдик" депутаттык тобунан;";
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Алтынбеков Айбек - "Ынтымак - Мекенчил" депутаттык тобунан;";
д) 6-пунктчада:
- төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"Карабекова Айгүл Асановна - "Ынтымак - Мекенчил" депутаттык тобунан;";
- төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
-"Сарыбашов Таалайбек Насирбекович - "Эл үмүтү - Ата Журт" депутаттык тобунан;";
е) 8-пунктчада:
- төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"Нышанов Джайлообай Данибаевич - "Ынтымак - Мекенчил" депутаттык тобунан;
Рустамбек уулу Советбек - "Ынтымак - Мекенчил" депутаттык тобунан;".
11. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 16 -VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун 8-пунктчасынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
12. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.