Загрузка документа…
ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2026-жылы 5-октябры № 28
Төрт-Гүл айыл аймагындагы ичүүчү таза суу түтүктөрүнө абоненттерди кошуу, суу пайдалануу тартибин, кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын жана эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Чек, Жаңы-Жер айылдарындагы 2026-жылдын 14-сентябрындагы, жалпы элдик чогулушунун протоколу жана ушул үч айылда түзүлгөн суу комитетинин 14-сентябрындагы отурумунун протоколдорунун негизинде Төрт-Гүл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чек, Жаңы-Жер, Чоң-Талаа, Чоң-Кара, Зар-Таш, Ак-Турпак жана Ак-Өтөк айылдарындагы ичүүчү таза суу түтүктөрүнө кошулуу үчүн абоненттердин долбоор жүрүп жаткан мезгилдеги өздүк салымы суу комитеттеринин отурумдарынын протоколдоруна ылайык бекитилсин (№ 1 тиркеме тиркелет).
2. Чек, Жаңы-Жер, Чоң-Талаа, Чоң-Кара, Зар-Таш, Ак-Турпак жана Ак-Өтөк айылдарында «Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу» долбоорунун алкагында абоненттерди негизги суу түтүгүнө кошуу боюнча түзүлгөн суу комитетинин, жумушчу топтун, муниципалдык ишкананын жана айыл өкмөтүнүн иш-аракеттери бекитилсин (1 беттен турган № 2 тиркеме тиркелет).
3. Төрт-Гүл айыл аймагындагы үй чарбаларын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу системасына кошуу жана суу түтүктөрүн үйлөргө киргизүү тартиби бекитилсин (1 беттен турган № 3 тиркеме тиркелет).
4. «Төрт-Гүл» муниципалдык ишканасы тарабынан сунушталган жана абоненттерге берилүүчү Абоненттик китепче, анын ичинде «Төрт-Гүл» муниципалдык ишканасы менен абоненттин ортосунда түзүлүүчү келишим, техникалык шарттар, ситуациялык чийме, ошондой эле айылдарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу системаларынан ичүүчү таза сууну пайдалануу эрежелери бекитилсин (№ 4 Абоненттик китепче тиркелет).
5. «Төрт-Гүл» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин Төрт-Гүл айыл аймагындагы ичүүчү таза суу боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн алынуучу төлөмдөр бекитилсин (1 беттен турган № 5 тиркеме тиркелет).
6. Төрт-Гүл айыл аймагындагы «Төрт-Гүл» муниципалдык ишканасынын абоненттеринин ичүүчү таза сууну пайдалануу учурунда белгиленген эрежелерди бузгандыгы үчүн колдонулуучу жазалар жана айып пулдар бекитилсин (2 беттен турган № 6 тиркеме тиркелет).
7. Ушул токтомдун аткарылышы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Макановго жана «Төрт-Гүл» муниципалдык ишканасынын жетекчиси И. Дүйшебаевге жүктөлсүн.
8. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн https://tort-gul.gov.kg/ веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Н. Артыков
№1 тиркеме
“Төрт-Гүл” муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин жана түзүлгөн жумушчу топтун долбоор жүрүп жаткан мезгилиндеги эмгек маяналары жана кызмат көрсөтүү акылары |
|
| |||||||||
|
|
|
|
|
| ||||||
№ | Кызматтын аталышы | Сумма (сом) | Эскертүү |
|
| ||||||
1 | Абонентти суу түтүгүнө туташтыруу: | 500 | Долбоор мезгилинде түзүлгөн сантехникалык топ тарабынан жүргүзүлөт |
|
| ||||||
а) Байлоочу камыт, туташтыруучу тетик, чөпик ж.б. керектелүүчү буюмдар |
|
| |||||||||
б) Абонентке тийешелүү ПЭ түтүктөрүн тартуу, кудукту тешүү, кудуктун ичиндеги трубаларды жайгаштыруу |
|
| |||||||||
2 | Транспорттук чыгымдар (унаа, күйүүчү май, айдоочунун маянасы ичинде) | 100 | Айыл башчы, суу комитети, МИ тарабынан уюштурулат |
|
| ||||||
3 | Абоненттик китепче даярдоо (келишим, суу эрежелери, тех. шарттар, кеңсе чыгымдары) | 500 | МИ тарабынан даярдалат жана эсеп чотуна которулат |
|
| ||||||
4 | Капиталдык салым | 500 | Бул каражат МИ эсеп чотуна которулат |
|
| ||||||
5 | Баардыгы | 1600 |
|
|
| ||||||
| Эскертуу: Урматтуу Чек, Жаңы-Жер, Чоң-Талаа, Чоң-Кара, Зар-Таш, Ак-Турпак, Ак-Өтөк айылдарынын жашоочулары! Төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөн суммалар абоненттерди негизги суу түтүгүнө кошуу мезгилинде жумушчу топтун мүчөлөрүнө төлөнөт (казуу көмүү учурунда экскаватор кызматы өзгөрүлүшү мүмкүн). |
|
| ||||||||
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
№ | Кызматтын аталышы | бирдиги | өлчөмү | сом | эскертуу |
|
| ||||
1 | Экскаватор кызматы (казуу, көмүү) | метр | 1 | 175 | Казылган жана көмүлгөн метрине жараша төлөнөт |
|
| ||||
2 | Түтүктөрдү сатып алуу (сапар чыгымдары менен бирдикте)
| метр | 1 | 35 | Негизги кудуктан абоненттин үйүнө чейинки аралык |
|
| ||||
|
| ||||||||||
|
| ||||||||||
3 | Жергиликтүү тургундар экскаватор өздөрү жалдап каздырууга болот.
| метр | 1 |
| Негизги кудуктан абоненттин үйүнө чейинки аралык Муниципалдык ишкананын кызматкерлери көзөмөл жүргүзүү керек. |
| |||||
3 | Жумшак топурак ташып келүү жана түтүктүн алдына 10 см төшөө |
|
| 50 | Жумшак топурак жок болгондугуна байланыштуу, ар бир кожолук өзү топуракты элгеп салышат. |
|
| ||||
4 | Жумшак топурак ташып келүү жана түтүктүн устуно 20 см төшөө |
|
| 70 |
|
| |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|